Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-ноябры № 511-б
"Хайдаркен сымап акционердик коому" (мындан ары - ХСАК) ачык акционердик коомунун финансылык кыйынчылыктарын эске алып, ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана анын финансы-чарбалык ишин жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2013-2014-жыддардын жыйынтыгы боюнча акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддердин негизги суммасы боюнча ХСАКтын 11 348 791 (он бир миллион үч жүз кырк сегиз миң жети жүз токсон бир) сом суммасындагы карызын 2017-жылдын 31-мартынан баштап квартал сайын төлѳөнүн тиркемеге ылайык графиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2013-2014-жылдар мезгили учүн акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер боюнча 11 348 791 (он бир миллион үч жүз кырк сегиз миң жети жүз токсон бир) сом суммасындагы карыздарын төмөнкү шарттарда төлөө жөнүндө ХСАК менен келишим түзсүн:
- дивиденддер боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүн 2018-жылдын 31-декабрына чейин узартуу;
- эсептелген дивиденддердин суммасына пайыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасы боюнча кошуп эсептөе;
- төлөм меөнөтүнүн өтүп кеткендиги үчүн айыптык санкцияларды жылдык 5 пайыз өлчөмүндө белгилөе.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
"Хайдаркен сымап акционердик коому"
ачык акционердик коомунун дивиденддеринин
негизги суммасын төлөө
графиги
Төлөө | Төлөө датасы | Төлөө суммасы, сом |
мезгилдери |
|
|
1 | 2017-жылдын 31 -марты | 1 418 598,9 |
2 | 2017-жылдын 30-июну | 1 418 598,9 |
3 | 2017-жылдын 31 -сентябры | 1 418 598,9 |
4 | 2017-жылдын 30-декабры | 1 418 598,9 |
5 | 2018-жылдын 31-марты | 1 418 598,9 |
6 | 2018-жылдын 30-июну | 1 418 598,9 |
7 | 2018-жылдын 30-сентябры | 1 418 598,9 |
8 | 2018-жьшдын 31 -декабры | 1 418 598,9 |