Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-октябры № 425-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана ез ара коргоо тууралуу макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү менен
Грузия Өкмѳтүнүн ортосундагы Инвестицияларды
колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтү, мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталып,
Экономикалык кызматташтыкты чындоого көмѳк көрсөтүүнү каалап, атап айтканда экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында биринчи Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун инвестицияларына карата;
Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу технологиялардын жана капиталдын агымына дем берүүгө жана ошондой эле Макулдашуучу тараптардын экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтө тургандыгын таанып,
Инвестирлөө жана экономикалык туруктуу ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууну демилгелөө жана жашоо стандарттарын жакшыртуу үчүн стабилдүү базаны колдоо максатында инвестицияларга карата адилеттүү жана тең укуктуу режим зарыл экендигине макул болуп, ошондой эле,
Бул максаттар саламаттыкты сактоо, коопсуздук чараларын жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө ошондой эле эл аралык деңгээлде таанылган эмгек укуктарын бошондотпостон жетишиле тургандыгына ынанып,
Түз чет элдик инвестициялар өнүгүү жаатындагы улуттук жана эл аралык жасалып жаткан аракеттерге өтө маанилүү кошумча болуп эсептеле тургандыгын эске алып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Аныктама
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
1. "Макулдашуучу тараптын инвестору" темөнкүлөрдү билдирет:
а) Макулдашуучу тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын жарандыгына ээ жеке жак; же
б) Макулдашуучу тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык түзүлгөн же катталган жана Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында өз алдынча ишкердикти жүргүзүүчү юридикалык жак.
2) "Макулдашуучу тараптын инвестору тарабынан инвестициялоо", экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында анын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык башка Макулдашуучу тараптын инвестору тарабынан салынган салымдын ар кандай түрлөрүн жана капиталды же башка ресурстарды берүү же пайда алууну күтүү, же
тобокелдикти түшүнүү сыяктуу өзгөчө мүнөздѳмөлөрдүн болушун түшүндүрөт жана темөнкүлөрдү камтыйт:
а) акцияларды, баалуу кагаздарды, компанияларды жана ишканага үлүштүк катышуунун башка түрлөрүн жана ушундан келип чыккан укуктарды;
б) карыз милдеттенмесин, облигацияларды, зайымдарды жана анын натыйжасында келип чыгуучу карыз милдеттенмесинин башка формаларын жана укуктарды;
в) акчалай суммага ар кандай укукту же умтулууну же мыйзамдарга же контракттарга ылайык эксплуатациялоону, курууну, башкарууну кошо аракеттенүүнү же кирешелерди бөлүштүрүү боюнча контракттарды, ошондой эле концессияларды, уруксаттамаларды, экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксаттарды;
г) интеллектуалдык менчикке жана экономикалык баалуулукка ээ менчиктин материалдык эмес формаларына болгон укукту, анын ичинде өнөр жайлык менчикке болгон укук, автордук укук, соода маркасы, товарды тариздөө; патенттер, географиялык белгилер, ѳнор жайлык үлгүлөр жана техникалык процесстер, өндүрүштүк сыр, товардын аталышы, өндүрүштүн жашыруун сырлары жана "гудвилл";
д) материалдык же материалдык эмес менчиктин, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ар кандай башка формаларын же жалдоого берүү, ипотека, барымтага коюу, күрөө укуктары, узуфрукт сыяктууларга байланыштуу менчикке болгон укуктарды.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн мурда салынган инвестицияларга карата чыгарылган акыркы арбитраждык чечим же каалаган буйрук же соттук чечим инвестициялар катары каралбашы керек.
3. "Киреше" - инвестициялоодон алынуучу сумманы, атап айтканда пайданы, пайызды, капиталдын өсүшүнөн кирешелерди, дивиденддерди, калем акыны, лицензиялык төлөмдөрдү, башкаруу үчүн комиссияны, техникалык жардам үчүн төлөмдөрдү жана төлөмдѳрдүн башка түрлөрүн түшүндүрөт.
4. "Аймак" термини:
а) Кыргыз Республикасына карата: Кыргыз Республикасынын аймагы, жери, ички суулары, анын үстүндөгү аба мейкиндиги, жер казынасы камтылган аймагы, анда Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктарына ылайык кѳз карандысыздыгы жана юрисдикциясы ишке ашырылат.
б) Грузияга карата: Грузиянын мыйзамдары менен бекитилген аймагын, жерин, сууларын, жер казынасын жана анын үстүндөгү аба мейкиндигин, ички жана аймактык сууларды, деңиздин түбүн жана жаратылыш казынасын, анын үстүндѳгү аба мейкиндигин, тийиштүү аймактык сууларынын зоналарын, өзгөчө экономикалык зонаны жана континенталдык шельфти кошо түшүндүрөт жана аларда Грузиянын эл аралык укуктарга ылайык кѳз карандысыздыгы жана юрисдикциясы ишке ашырылат.
2 -берене
Инвестицияларды колдоо жана коргоо
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири өзүнүн мамлекетинин мыйзамдары менен мүмкүн болушунча экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун инвестицияларын колдошу керек.
2. Макулдашуучу тараптардын ар биринин инвесторлорунун экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында мурда салынган инвестицияларына карата адилеттүү жана тең укуктуу режимди, толук коргоону жана коопсуздукту камтыган режим туруктуу түрдө берилиши керек. Макулдашуучу тараптардын бири дагы кандай гана шарттарда болбосун ушундай инвестицияларды башкарууга, тейлөөгө, пайдаланууга, өндүрүшүнө, ишке ашырууга, кеңейтүүгө, сатууга, жоюуга же которууга аныкталбаган же басмырлоочу чаралары менен зыян келтирбеши керек.
3 –берене
Инвестициялык режим
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири башка Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына же кирешелерине ѳз инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына же үчүнчү жактын инвесторлоруна жана инвестицияларына же кирешелерине берилген режимден кем эмес башкаруу, пайдалануу, кармап туруу, колдонуу, ээ болуу, сатуу же жоюу жаатында, инвестор үчүн алардын кайсынысы айрыкча жагымдуу болуп саналгандыгына карабастан алардын инвестицияларына жана кирешелерине жагымдуу режимди камсыз кылууга тийиш.
2. Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу төмөнкүдөй болуп чечмеленбөөгө тийиш:
а) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча БУУнун Уставына ылайык Макулдашуучу тараптын ѳз милдеттенмелерин аткаруу боюнча кандайдыр бир аракеттерине тоскоолдук катары;
б) Макулдашуучу тараптын экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторуна же алардын инвестицияларына же кирешелерине таркатылуучу милдеттенме катары же ушундай макулдашууга катышуунун, же ар кандай башка көп тараптуу инвестициялык макулдашуулардын негизинде режимден, жеңилдиктерден же артыкчылыктардан алынган учурдагы же келечектеги артыкчылыктары катары ѳз милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук катары; же
в) Бир Макулдашуучу тараптын экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна же алардын инвестицияларына, кирешелерине учурдагы же келечектеги артыкчылыктарына карата Макулдашуучу тараптын эл аралык макулдашуу, эл аралык келишимдиктер же ѳз мамлекетинин улуттук мыйзамдары боюнча милдеттенмелеринен келип чыгуучу режимди, жеңилдиктерди же артыкчылыктарды колдонуу милдеттенмеси катары.
3. Тастыктоо үчүн ушул берененин 1-пунктунда аталган режим, кабыл алуучу мамлекеттин аракеттеги же башка эл аралык келишимдеринде келишимдик милдеттенмелери катары көрсөтүлгөн талаш-тартыштарды чечүүнүн механизмдерин же башка иш-чараларды өзүнө камтыбашы керек.
4 - берене
Жалпы өзгөчѳлүктөр
1. Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу Макулдашуучу тараптын дискриминациялык эмес укуктук чараларды кабыл алууда, колдоодо же ишке ашырууда тоскоолдук катары чечмеленбөөгө тийиш:
а) адамзатты, жаныбарларды же өсүмдүктөрдү же ден соолукту, же курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн иштелип чыккан жана колдонулган;
б) жандуу же жансыз чектелген жаратылыш ресурстарын сактоого тийиштүү басмырлабаган мыйзамдык чараларды кабыл алууда, колдоодо же сакталышын камсыздоодо Макулдашуучу тараптар үчүн тоскоолдук катары каралбашы керек.
2. Бул Макулдашуу да эч бир нерсе:
а) Макулдашуучу тараптардын биринин анын коопсуздугунун негизги кызыкчылыктарына каршы келген кандайдыр бир маалыматка жетишүүгө карата уруксат берүү тууралуу талабы же ачылышы;
б) Макулдашуучу тараптардын кайсынысы үчүн болбосун коопсуздуктун негизги кызыкчылыктарын коргоо үчүн:
- куралдар, ок-дарылар жана согуш үчүн башка буюмдар менен соодага, аскер жана коргоо мекемелерин камсыздоо үчүн түз же кыйыр колдонулуучу башка товарлар, материалдар, кызматтар жана технологиялар боюнча ушундай соодага же бүтүмдөргө карата;
- согуш убагында же эл аралык мамилелерде башка ѳзгѳчѳ кырдаалдарда колдонулуучу, же
- ядролук куралды же башка ядролук жардыруучу каражаттарды таркатпоого карата улуттук саясатты же эл аралык макулдашууларды ишке ашырууга байланыштуу зарыл болгон чаралар тоскоолдук катары кабыл алынбашы керек.
в) Макулдашуучу тараптардын каалаганы үчүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо үчүн БУУнун Уставынын алкагында өзүнүн милдеттерин коргоо максатында чараларды кабыл алууга тоскоолдук катары каралбашы керек.
3. Аталган чаралардын кабыл алынышы, колдонулушу жана ишке ашырылышы экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун инвестицияларына карата өз билемдик же негизсиз түрдө колдонулбашы керек же кыйыр түрдөгү чектөө катары болбошу керек
б) кырдаалдын зарылдыгынан улам келип чыкпаган экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин бийлиги же күч органдары тарабынан инвестицияларды же анын бир бөлүгү жок кылынган,
кандай учур болсо да, келтирилген зыяндын токтоосуз, талаптагыдай жана реалдуу ордун толтурушу же компенсациялоосу керек.
5 –берене
Экспроприация жана компенсация
1. Макулдашуучу тараптар экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун инвестицияларын түз же кыйыр түрдө экспроприациялабайт (мында жана мындан ары - экспроприация деп аталат) жана улутташтырбайт, же ошол сыяктуу таасир этүүчү ар кандай башка чараларды кабыл албайт, буга төмөнкүлөр кирбейт:
а) коомдук кызыкчылыктардын максатында;
б) басмырлабаган негизде:
в) белгиленген укуктук жол-жобого ылайык;
г) ушул берененин төмөнкү (2) жана (3) пункттарына ылайык талаптагыдай жана реалдуу компенсацияны токтоосуз төлөп берүүдө.
2. Компенсация ушул берененин 1 -пунктуна ылайык экспроприация болбогонго же коомго белгилүү болгонго чейин түздөн-түз экспроприациялануучу инвестициялардын рыноктук наркына барабар болушу керек. Компенсация натыйжалуу түрдө төлөнүшү керек, эркин которулушу жана кечиктирилбей ишке ашышы керек.
3. Ден-соолук, коопсуздук жана айлана-чөйрө сыяктуу коомдун байгерчилигин коргоо максатында иштелип чыккан жана колдонулган же жалпы кызыкчылыктардын негизинде мүлктү колдонууну контролдоодо же салыкты же башка штрафтарды жана жыйымдарды төлөтүүдө керектүү катары эсептелинген Макулдашуучу тараптардын басмырлабоо чаралары кыйыр экспроприацияны түзбөйт.
6 –берене
Чыгымдар боюнча компенсация
1. Экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы согуштун же башка куралдуу чыр-чатактардын, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдын, революциянын, көтөрүлүштүн, коомдук баш-аламандыктын же башка ушундай окуялардын, же форс-мажордук жагдайдын кесепетинен экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында өз инвестицияларына карата зыян тарткан Макулдашуучу тараптын инвесторуна экинчи Макулдашуучу тарап реституцияга, кайтарып берүүгө, компенсациялоого карата улуттук инвесторлорго же γчүнчү өлкөнүн инвесторлоруна берилген режимден кем эмес, инвестордун каалагандай режимди берүүгө тийиш.
2. Ушул берененин (1) пунктунда айтылган учурлардын кайсынысынан болбосун төмөнкүлөрдүн натыйжасында зыян тарткан Макулдашуучу Тараптын инвесторуна:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында аракеттенген бийлик органдары же күч органдары тарабынан өзүнүн инвестициясын же анын бөлүгүн конфискациялоонун, же
б) кырдаалдын зарылдыгынан улам келип чыкпаган экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин бийлиги же күч органдары тарабынан инвестицияларды же анын бир бөлүгү жок кылынган,
кандай учур болсо да, келтирилген зыяндын токтоосуз, талаптагыдай жана реалдуу ордун толтурушу же компенсациялоосу керек.
7 – берене
Которуулар
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири анын мамлекетинин аймагынан жана аймагына экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун инвестицияларына байланышкан бардык төлөмдөрдү эркин жана кечиктирилгис которула тургандыгына кепилдик бериши керек. Жогоруда көрсөтүлгөн которуулар өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт, тактап айтканда:
а) инвестицияларды өнүктүрүү жана көбөйтүү үчүн алгачкы жана кошумча салымдарды;
б) кирешелерди;
в) инвестициялардын бардык суммасын же кайсы бир бөлүгүн сатуудан жана жоюудан түшкөн акча каражатын;
г) Ушул Макулдашуунун 6 жана 7-беренелерине ылайык компенсация боюнча төлөмдөрдү;
д) талаш-тартыштарды жөнгө салууда келип чыккан төлѳмдөрдү;
ж) инвестициялык иш-аракетке байланыштуу чет өлкөлөрдөн жалданган кызматкерлердин эмгек акыларын жана башка сый акыларын.
2. Макулдашуучу тараптардын ар бири андан ары которуу жүргүзүлүп жаткан Макулдашуучу тараптын аймагында которуу күнү күчүндө болгон рыноктук алмашуу курсу боюнча эркин алмашылуучу валютада акча которууларын жүзөгө ашырууну камсыз кылууга кепилдик бериши керек.
3. Ушул берененин (1) жана (2) пункттарына карабастан, ошондой эле ушул Макулдашуунун 3-беренесине (2) ылайык эл аралык милдеттенмелерди аткарууда Макулдашуучу тарап көрүп жаткан чараларга шектенүү жаратпастан, ошондой эле Макулдашуучу тарап тен укуктуу жана басмырлабаган тартипте банкроттук, төлөөге жөндөмсүздүк, салык салуу жөнүндөгү, же кредиторлордун укугун коргоо, баалуу кагаздарды, фьючерстерди, опцияларды жана деривативдерди чыгаруу, сатуу жана жүгүртүү, которуулардын отчеттору же жазуулары боюнча, акчалардын изин жашыруу же террордук ишти, же жазык кылмыштары же административдик же сот процесстериндеги соттук буйруктарга байланыштуу каржылоону болтурбай коюу аркылуу улуттук мыйзамдарды колдонуу менен, мындай чаралар жана аларды колдонуу Макулдашуучу тараптын ушул Макулдашуу боюнча ѳз милдеттенмелерин аткаруудан качуу аракети катары колдонулбаган шартта,
8 -берене
Суброгация
Эгерде Макулдашуучу тарап же ал дайындаган орган Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагындагы инвестордун инвестицияларынын коммерциялык эмес тобокелдиктерге каршы кепилдиктин же келишимдин негизинде компенсация төлөсө, экинчи Макулдашуучу тарап биринчи Макулдашуучу тарапка же ал дайындаган агенттикке ушул инвестордун укуктарын жана талаптарын берүүгө инвестордун укугуна шектенбестен, ошондой эле биринчи Макулдашкан тараптын же ал дайындаган агенттиктин укугун, ушуга окшогон ар кандай укукту суброгация күчүндө пайдалануусун же анын жолун жолдоочу койгон чекте талаптарды коюшун таанууга тийиш.
9 –берене
Башка милдеттенмелер
Эгерде Макулдашуучу тараптын биринин кандайдыр бир мыйзамы же азыркы учурда колдонуудагы эл аралык укук боюнча милдеттенмелери же андан ары Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууга толуктоо катары белгиленген, экинчи Макулдашуучу тараптын жеке адамдарынын жана юридикалык жактарынын инвестицияларына ушул макулдашуу менен камсыздалган режимден көбүрөөк жагымдуу режимди берүүгө мүмкүндүк берүүчү жалпы же өзгөчө эрежелерди камтыса, мындай эрежелер кайсы деңгээлде жагымдуу болсо, ошол деңгээлде бул Макулдашуудан артыкча болот.
10 –берене
Артыкчылыктардан баш тартуу
1. Ушул Макулдашуу боюнча Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын компаниясы болуп саналган экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторуна жана бул инвестордун инвестицияларына, ушул инвестордун инвестицияларына жана компанияга ээлик кылган же контролдогон, эгерде ошол юридикалык жак Үчүнчү мамлекеттин инвесторунун менчигинде же көзөмөлүндө турса, ошондой эле баш тартып жаткан Макулдашуучу тарап Үчүнчү мамлекет менен дипломатиялык мамилелер жок болсо, Макулдашуучу тараптын инвесторуна артыкчылык берүүдөн баш тарта алат.
2. Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуу боюнча экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторуна жана анын инвестицияларына артыкчылык берүүдөн төмөнкү учурларда: эгерде үчүнчү өлкөнүн инвестору менчик ээси болуп саналса же биринчи эскертилген инвесторду контролдоону ишке ашырса жана эгерде бул инвестор инвестордун ишканасы уюмдаштырылган же уюшулган улуттук мыйзамдарга ылайык
Макулдашуучу тараптын аймагында кандайдыр бир ишкердикти жүргүзбөсө баш тарта алат.
11-берене
Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу
тараптын инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды жѳнгѳ
салуу
Ушул Макулдашуунун 11-14-беренелери экинчи Макулдашуучу тараптын болжолдонгон ушул Макулдашууга ылайык милдеттенмелеринин, инвесторду же анын инвестициясын жоготууга же чыгашага алып келиши мүмкүн болгон бузууларга карата Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарга карата колдонулат.
12 -берене
Жөнгө салуунун каражаттары. Мөөнѳттөр
1. Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштар мүмкүн болушунча сүйлѳшүүлѳр аркылуу же кеңешүү жолу менен жѳнгѳ салынышы керек. Эгерде талаш-тартыш ушундай түрдө чечилбесе, инвестор төмөнкүлөргө кайрыла алат:
а) талаш-тартыштын тарабы болгон Макулдашуучу тараптын компетенттүү сот органына;
б) талаш-тартыштарды жөнгө салуунун мурда макулдашылган кандай гана болбосун жол-жобосуна ылайык; же
в) ушул Беренеге ылайык:
- эгерде Макулдашуучу тараптын инвесторунун мамлекети жана талаш-тартыштын тарабы болгон Макулдашкан тараптын мамлекети 1965-жылдын 18-мартында Вашингтондо кол коюлган Мамлекет жана чет өлкөлүк жактардын ортосундагы Инвестициялык талаштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө конвенциясынын (ИТЧТЖК конвенциясы) катышуучулары болушса, ИТЧТЖК конвенциясына ылайык түзүлгөн Инвестициялык талаштарды жайгаруу боюнча эл аралык борборго ("Борбор");
- Эл аралык соода укугу боюнча БУУнун комиссиясынын арбитраж жүргүзүү эрежелерине (ЮНИСТРАЛ) ылайык уюшулган жеке арбитрге же убактылуу арбитражга;
- Эл аралык соода палатасына, арбитраж жүргүзүү эрежелерине ылайык жеке арбитрга же убактылуу арбитражга.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн методдордун бирин колдонуу аркылуу талаш-тартышты жѳнгѳ салуу боюнча жол-жобосу демилгеленсе, тандалып алынган метод тигил же бул талаш-тартыштын предметинен тышкары, тараптар жактан колдонулушу керек.
3. Талаш-тартыш ушул берененин 1(в) пунктуна ылайык талаш-тартыштын тарабы болуп саналган Макулдашуучу тараптын ниети жөнүндө кабар алынган учурдан тартып 60 күн аяктагандан кийин, бирок талаш-тартыштын пайда болушуна алып келген окуялар жөнүндө кабарлоону инвестор биринчи жолу алган же алышы керек болгон күндөн баштап 5 жылдан кечиктирбестен кароого берилиши керек.
13 - берене.
Колдонулуучу укук
Ушул Макулдашуунун 11-14-беренелерине ылайык уюшулган арбитраж талаш-тартыштарды ушул Макулдашууга, эл аралык укуктун колдонулуучу эрежелерине жана принциптерине ылайык чечиши керек.
14 -берене
Чечимдер жана аларды аткарууну ишке ашыруу
Арбитраждын чечимдери акыркы жана Макулдашуучу тараптар тарабынан аткарылууга милдеттүү болот.
15 -берене
Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү
1. Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонуу тууралуу талаш-тартыштар болсо мүмкүнчүлүккө жараша консультациялар же башка дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салышы керек.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар башталгандан тартып 6 айдын ичинде буга чейинки жол-жоболор аркылуу макулдукка жетише алышпаса, анда талаштар Макулдашуучу тараптардын биринин сурамы боюнча арбитраждык соттун кароосуна берилиши мүмкүн. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда мындай макулдашуу болбогон учурда, эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштар боюнча арбитраждык териштирүү бейтарап сотунун туруктуу палатасынын эрежелерине ылайык, Макулдашуучу тараптар же ушул Макулдашуу тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн тышкары учурда, каралышы керек. ■
3. Макулдашуу тараптар башкача чечишбесе, талаш-тартыш үч мүчөдөн турган арбитраждык сот тарабынан чечилиши керек. Сурамды алгандан кийин 2 айдын ичинде Макулдашуучу тараптын ар бири өзү тараптан арбитрди дайындашы керек. Бул тандалып алынган эки арбитр торага катары Макулдашуу тараптардын жараны болуп саналбаган үчүнчү арбитрди эки айдын ичинде тандашы керек. Үчүнчү арбитр Макулдашуучу тараптардын бекитүүсүнөн кийин арбитраждык соттун тѳрагасы катары ишке киришет.
4. Эгерде арбитраждык соттун кайсы бир мүчөсү ушул Берененин 3-пунктуна ылайык белгиленген мөөнөттүн алкагында дайындалбаса, анда бейтарап сотунун туруктуу палатасынын Башкы катчысы кайсы бир Макулдашуучу тараптын өтүнүчү боюнча анын кароосу боюнча дайындала элек арбитрди же арбитрлерди дайындайт.
5. Арбитраждык териштирүүлөрдүн өтө турган жери Нидерланддын Гаага шаары саналат.
6. Арбитраждык сот өз чечимин көпчүлүктүн добушу менен кабыл алат. Бул чечимдер Макулдашуучу тараптардын экөөнө тең колдонулат жана акыркы жана милдеттүү болот.
7. Арбитрлердин иш-аракеттери менен байланышкан чыгымдарды, ошондой эле соттук өндүрүшкө жумшалган башка чыгымдарды Макулдашуучу тараптар тец чыгарышат. Бирок, арбитраждык сот ѳз чечиминде чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн Макулдашуучу тараптардын бирине төлөтүп коюшу мүмкүн.
16 -берене
Макулдашууну пайдалануу чөйрөсү
Бул Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө кирген күнгө карабастан, Тараптардын колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ишке ашырылган бардык инвесторлордун инвестицияларына карата колдонулат. ' Бирок, бул Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин пайда болгон ар кандай талаптарга жана талаш-тартыштарга карата колдонулбашы керек.
17 -берене
Консультациялар
Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашууга тийиштүү ар кандай маселе боюнча консультация өткөрүүнү сунуштай алат. Консультация өткөрүүнүн орду жана убактысы дипломатиялык каналдар боюнча аныкталат.
18 -берене
Өзгѳртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Макулдашуучу тараптардын ѳз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 19-беренесинин жол-жоболоруна ылайык күчүнө кирет жана ушул Макулдашунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат
19-берене
Күчүне кирүүсү жана жарактуулук мөѳнөтү
1. Бул Макулдашуу ратификациялоого жатат жана ратификациялык грамоталарды алмашуу жүргүзүлгөн айдан кийинки үчүнчү айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу он (10) жыл бою күчүндө болот жана Макулдашуучу тараптардын бири кезектеги мөөнөт аяктаганга чейин бир (1) жыл мурун анын аракетин токтотуу ниети жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлабаса, кийинки он (10) жылдык мөөнөттөргө өзүнѳн-өзү узартылат.
3. Ушул Макулдашуунун аракеттенүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин жүзөгѳ ашырылган инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун 1 -беренесинен 19-беренесине чейин айтылган жоболор ушул Макулдашуунун аракети токтотулган учурдан тартып кийинки 10 жылдык мезгилге күчүндө калышы мүмкүн.
4. Бул Макулдашуу 1997-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Грузия Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну алмаштырат, ал ушул Макулдашуу күчүнө киргенде ѳз аракетин токтотот.
______________шаарында 20_____________- жылдын "__________"_____________________________________
эки түп нускада ар бири кыргыз, грузин жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкѳ ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Грузия
Өкмөтү үчүн Өкмѳтү үчүн