Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-марты № 95-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 510-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн "Арзан турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштѳѳсγ γчγн финансы ресурстары менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
1) 2016-жылдын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары - МБК) чет ѳлкѳлγк валютада чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен 3,7 млрд сом ѳлчѳмундѳ финансы каражаттарынын тγшγγсγн камсыздасын;
2) МБКны чыгаруунун жана жайгаштыруунун тѳмѳнкγ параметрлерин белгилесин:
- МБК тγрγ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигациялары (мындан ары - МКО);
- валюта - АКШ доллары;
- бир МКОнун номиналдык наркы - 1 000,0 АКШ доллары;
- жγгγртγγ мѳѳнѳтγ - 5 жыл;
- купондук ставка - жылдык 2 пайыз;
- купонду тѳлѳѳнγн мезгилдγγлγгγ - жарым жылдык;
- негизги сумманы тѳлѳѳ - жγгγртγγ мѳѳнѳтγнγн аягында бир жолку тѳлѳм;
3) МКОну чыгаруунун мезгилдγγлγгγн, Торуктарды уюштуруучуну, Эсептѳѳлѳр боюнча депозитарийди жана операторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктасын;
31) мамлекеттик казыналык облигациялардын жγгγртγγ мѳѳнѳтγ бγткѳнгѳ чейин аларды толук же жарым-жартылай тѳлѳѳ мγмкγнчγлγгγ белгиленсин;
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 510-б буйругунун редакциясына ылайык)
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын эсепке алууда 1 жана 2-пункттарга ылайык ишке ашырылуучу мамлекеттик карыз алууларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын курамына киргизсин;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен тѳмѳнкγ маселелерди макулдашсын:
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик ссудаларды тѳмѳнкγ шарттарда бѳлγγнγ: сумма - 3,7 млрд сом;
бюджеттик ссуданы тѳлѳѳ мѳѳнѳтγ - 10 жыл;
пайыздык ставка - 5 пайыз;
негизги сумманы тѳлѳѳ боюнча мѳѳнѳтγн кийинкиге жылдыруу -бюджеттик ссуда берилген датадан тартып 5 жыл; тѳлѳѳнγн мезгилдγγлγгγ - квартал сайын.
- МБКны чыгаруудан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине тγшγγлѳрдγн кѳлѳмγн 3,7 млрд сомго кѳбѳйтγγ;
6) МБКны чыгаруудан тγшγγчγ 3,7 млрд сом ѳлчѳмγндѳгγ сумманы караштырган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу мыйзамдын долбоорун киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | Т.С. Сариев |