Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-ноябры № 492-б
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 18-февралындагы № 64-б буйругу менен тγзγлгѳн, Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жѳнγндѳ макулдашууларды денонсациялоого байланыштуу россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жѳнγндѳгγ маселени чечγγ боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын жана милдеттерин актуалдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 18-февралындагы № 64-б буйругуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоо киргизилсин:
2-пунктта:
биринчи абзацтагы «эки айлык мѳѳнѳттѳ» деген сѳздѳр «2017-жылдын 1-февралына чейинки мѳѳнѳттѳ» деген цифралар жана сѳздѳр менен алмаштырылсын;
γчγнчγ абзац тѳмѳнкγдѳй абзацтардын редакциясында баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн Аппаратына россия тарап менен макулдашылган тѳмѳнкγдѳй документтерди бекитγγгѳ киргизсин:
россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды тѳлѳѳнγн тартиби жѳнγндѳ макулдашуулардын долбоорлору;
Yлγштγ ѳткѳрγп берγγ, россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды (графиги камтылган) компенсациялоо тартиби жѳнγндѳ иш-аракеттердин планынын долбоору;»;
тѳртγнчγ абзацтагы «, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана башка келечектγγ гидроэлектрстанцияларды» деген сѳздѳр «жана Камбар-Ата-1 ГЭСин» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
- тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 21 -пункту менен толукталсын:
«21. Ведомстволор аралык жумушчу топко россия тарап менен суйлѳшγγлѳрдγ жγргγзγγгѳ ыйгарым укук берилсин.»;
жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Тиркеме
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жѳнγндѳ макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жѳнγндѳгγ маселени чечγγ боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мучелеру:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Финансы рыногун жѳнгѳ салуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ мамлекеттик кызматынын тѳрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Соттук ѳкγлчγлγк борборунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын башкы мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын тѳрагасы (макулдашуу боюнча);
«Электр станциялар» ачык акционердик коомунун генералдык директору (макулдашуу боюнча).