Редакцияот 13.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 13-декабры № 540-б

"Автомобиль жолдору жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, 2016-жылдын 18-августундагы № 13/6 Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Кѳл айыл кеңешинин IV чакырылыштагы кезексиз сессиясынын токтомун кѳңγлгѳ алып:

1. Ош облусунун Алай районунун аймагында жайгашкан узундугу 8 км болгон Кабылан-Кѳл - Талдык автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоону жана курууну 2017-жылдагы жана кийинки жылдардагы "Капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырсын;

- аталган автомобиль жолун куруу аякталгандан кийин аны оперативдγγ башкарууга кабыл алсын жана андан ары кγтγγнγ камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков