Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 12-декабры № 538-б
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык медициналык жардам кѳрсѳтγγчγ саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргаз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Милдеттγγ медициналык камсыздандыруу фонду ушул буйруктун 3-5-пункттарында кѳрсѳтγлгѳн, Бирдиктγγ тѳлѳѳчγ тутумунда иштешкен саламаттык сактоо уюмдары γчγн медициналык жабдууларды жана медициналык техникалык каражаттарды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 15000000 (он беш миллион) сом бѳлсγн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тѳмѳндѳгγ жабдууларды сатып алсын:
Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасы γчγн баасы 4875400 (тѳрт миллион сегиз жγз жетимиш беш миң тѳрт жγз) сомдук, кѳлѳмγ 200 литрлик плазмалык стерилизатор (суутек перекиси);
Кыргыз Республикасынын Улуттук госпиталы. Баткен облустук бириккен ооруканасы, Чуй облустук бириккен ооруканасы, Кара-Буура аймактык ооруканасы учун ар биринин кѳлѳмγ 100 литрлик, жалпы суммасы 3266000 (γч миллион эки жγз алтымыш алты миң) сомдук 4 буу стерилизаторун (автоклавдар);
- тѳмѳндѳгγ саламаттык сактоо уюмдарынын сатып алууларды белгиленген тартипте ишке ашыруусуна контролду камсыздасын;
Ысык-Кѳл облустук бириккен ооруканасы - электрондук документ жγргγзγγ иштери γчγн баасы 3159000 (γч миллион жγз элγγ тогуз миң) сомдук компьютердик жабдууну;
Кара-Кулжа аймактык ооруканасы -"3000000 (γч миллион) сомдон ашпаган суммада кѳчмѳ цифралык рентген аппаратты;
Бакай-Ата жалпы дарыгердик практика борбору - 700000 (жети жγз» миң) сомдон ашпаган суммада медициналык техникалык жабдууну (ассенизатор);
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Милдеттγγ медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте:
дары каражаттарды, медициналык арналыштагы буюмдарды, саламаттык сактоо уюмдары γчγн жабдууларды жана техникалык каражаттарды борбордоштуруп сатып алуу жол-жоболорун;
Саламаттык сактоону ѳнγктγрγγ фондунун каражаттарын тγзγγнγн жана пайдалануунун тартибин
караштырган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн чечимдеринин долбоорлорун 2017-жылдын 1-июлуна чейинки мѳѳнѳттѳ иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |