Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-августу № 382-б
Москва шаарында 2016-жылдын 28-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз финансылык жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Москва шаарында 2016-жылдын 28-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз финансылык жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине келип тγшкѳн 6 374,00 (алты миң γч жуз жетимиш тѳрт) АКШ доллары суммасындагы каражатты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы адистерин Москва шаарында (Россия Федерациясы) окутууну уюштуруу боюнча иш-чараларды ишке ашырунун алкагындагы чыгымдарды каржылоого багыттасын;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелγγ ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |