Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 19-октябры № 445-б
Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγнγн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылоого сунушталган суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγнγн гранттык каражаттарынын линиясы боюнча каржылоого сунушталган суу чарба курулмаларынын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу γчγн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун кошо каржылоого чыгымдарды кыскартуунун эсебинен 2016-жылга республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 25 млн (жыйырма беш миллион) сом суммасында кошумча каражат бѳлсγн;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кытай Эл Республикасынын Ѳкмѳтγнγн грантынын эсебинен каржылоого сунушталган суу чарба курулмаларын курууга жана реконструкциялоого долбоордук-сметалык документтерин даярдоо боюнча иштердин мамлекеттик заказчысы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти аныкталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын агроѳнѳр жай комплекси жана экология бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |