КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-октябры № 578
Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсебин алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн жана эксперттик коомчулукту ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бизнес-ассоциациялардан жана эксперттик коомчулуктан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин. административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун терагасы, ведомстволор аралык комиссиянын терагасы;
Кыргыз Республикасьшын Экономика министринин орун басары. ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары:
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасьшын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасьшын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары:
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары:
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин женге салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөңгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасьшын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасьшын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти.