Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-сентябры № 127/XXXVII - 1
“Кайынды шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маалымат – сунуштарын талкуулап, “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу ирээти жөнүндө Жобосунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн жана билим берүү тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген үчүн Арыков Талантбек Каналбековичке “Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кайыңды шаарынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн жана элди таза суу менен камсыздандыруу тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген үчүн Башаханов Нурлан Ермекбаевичке “Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Кайыңды шаарынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн жана жолдорду салуу тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген үчүн Кошоев Уран Догдуровичке “Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
4. Кайыңды шаарынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн жана имарат салуу тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген үчүн Алиев Олег Михайловичке “Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |