Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 17-августу № 464
1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Ѳзбекстан Республикасынын ѳкмѳтγнγн ортосундагы Инвестицияларды ѳз ара коргоо жана колдоо жѳнγндѳ макулдашуу менен байланышкан Ѳзбекстан Республикасынын юридикалык жактарынын талаптарына карата Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда тγзγлсγн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир жумалык мѳѳнѳттѳ Ѳзбекстан Республикасынын юридикалык жактарынын талаптарына карата Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыксын. ошондой эле аталган маселе боюнча АКШнын Вашингтон шаарындагы Инвестициялык талаш-тартыштарды жѳнгѳ салуу боюнча эл аралык борбордо эл аралык соттук териштируу менен байланышкан мγмкγн болгон тобокелдиктерди иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн жетекчилигинин кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко жуктѳлгѳн милдеттерин аткаруу γчγн мамлекеттик органдардын. жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын адистерин. эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга белгиленген тартипте укук берилсин.
4. Министрликтердин. мамлекеттик комитеттердин. административдик ведомстволордун жетекчилери. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ѳкγлдѳрγ, жергиликтγγ мамлекеттик администрациялар жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине кѳмѳк кѳрсѳтγшсγн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Сот ѳкγлчγлγк борборуна жγктѳлсγн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо коргоо жана коопсуздук маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жуктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун
курамы
Разаков Ж.П. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
Абдылдаев Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Мамбеталиева Ж.Ж | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
|
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Финансы Министри;
|
Мамбетжанов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонддун терагасы;
|
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын тѳрагасы;
|
Шамбетов Т.Э. | - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Сот ѳкγлчγлγк борборунун директору.
|