Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2017-жылдын 9 январы 2017 № 6
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Тѳмѳнкγлѳр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бѳлγштγрγγ 1-тиркемеге ылайык;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 12-июлундагы № 384 буйругу кγчγн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин
жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бѳлγштγрγγ
I. Кыргыз Республикасынын
биринчи вице-премьер-министри (Абулгазиев М.Д.)
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳгγ ѳкмѳттѳр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Экономиканы ѳнγктγрγγнγ талдоо. болжолдоо жана пландоо, финансылык саясатты жγргγзγγнγ камсыз кылуу маселелерин координациялайт.
Бюджеттин киреше бѳлγгγн аткаруу маселелерин, салыктар, бажы, салыктык эмес тѳлѳмдѳр жана жыйымдар чѳйрѳсγндѳгγ саясатты ишке ашыруу боюнча ишти, тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳгγ тармактык ѳнγктγрγγ программаларын ишке ашырууну координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жγргγзγγнγ жана агроѳнѳр жай комплексин ѳнγктγрγγнγ, жер реформасын, айлана-чѳйрѳнγ коргоо жана токой чарбасы. суу ресурстарын башкаруу чѳйрѳлѳрγндѳгγ саясатты жγргγзγγнγ, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоону жана кѳзѳмѳлдѳѳнγ камсыз кылат.
Транспорт жана коммуникациялар, байланыш, автомобиль жана темир жолдорун оңдоо жана кγтγγ, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу, маалыматтык технологиялар жана электрондук башкаруу маселелерин координациялайт.
Региондук ѳнγктγрγγ, курулуш. турак жай-коммуналдык чарба, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ маселелерин координациялайт.
Этностор аралык мамилелер, республиканын административдик-аймактык тγзγлγш тутумун реформалоо, жергиликтуу мамлекеттик администрациялардын иши, ошондой эле жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын ѳткѳрγп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу бѳлγгγндѳгγ иштеринин маселелерин координациялайт.
Трансчекаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялайт
Мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жагында административдик реформаларды жγргγзγγ, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кѳрсѳтγγлѳр тутумун оптималдаштыруу маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелерин координациялайт,
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрγγ боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы жана Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасы менен эриш-аркак иштѳѳсγн камсыз кылат.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳ мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳгγ маселелерди иштеп чыгуу γчγн жумушчу топторду тγзѳт.
2. Кыргыз Республикасынын
вице-премьер-министри (Панкратов О.М.)
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳгγ ѳкмѳттѳр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Тышкы экономикалык иш, инвестицияларды тартуу, ѳлкѳнγ ѳнγктγрγγ стратегиясын иштеп чыгуу, техникалык жѳнгѳ салуу, инвестициялык, тарифтик саясатты жγргγзγγнγ камсыз кылуу, монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты ѳнγктγрγγ, финансы рыногун ѳнγктγрγγ маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин улуштук катышуусу бар акиионердик коомдордун иштерин, эркин экономикалык аймактардын иштее маселелерин координациялайт.
Фискалдык саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Финансылык рынокту жѳнгѳ салуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ чѳйрѳсγндѳгγ саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Ѳнѳр жай, мамлекеттик мγлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты, отун-энергетикалык комплекси маселелерин координациялайт.
Жер казынасын жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.
Лицензиялык-уруксат берγγ тутумун оптималдаштыруу, ѳлкѳдѳгγ социалдык-экономикалык кырдаалды баалоо боюнча мониторинг,
аналитикапык жана маалыматтык иштер. улуттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы менен эриш-аркак иштѳѳсγн камсыз кылат.
Евразия экономикалык бирлигинин мγчѳ мамлекеттери, Евразия экономикалык комиссия, Кѳз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер. Экономикалык кызматташтык уюму. ошондой эле башка ѳлкѳлѳр, эл аралык ѳнγктγрγγ агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташууну камсыз кылат.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳ мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳгγ маселелерди иштеп чыгуу γчγн жумушчу топторду тузѳт.
3. Кыргыз Республикасынын
вице-премьер-мипистри (Султанбекова Ч.А.)
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳгγ ѳкмѳттѳр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер, миграция, эмгек, ишке орноштуруу, γй-бγлѳ, балдар, жаштар, санитардык кѳзѳмѳл, билим берγγ. илим, спорт, саламаттык сактоо чѳйрѳлѳрγндѳгγ саясат. этностук ѳнγктγрγγ, гендердик саясат, маданиятты ѳнγктγрγγ, басма сѳз жана телерадиоберγγ, маалыматтык саясат, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берγγ жана колдоо кѳрсѳтγγ. жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иштери боюнча маселелерди координациялайт.
Интеллектуалдык менчикти жана саттуу билимдерди коргоо жаатындагы бирдиктуу мамлекеттик саясатты камсыздоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы. "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассамблеясы. Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштѳѳсγн камсыз кылат.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳ мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳгγ маселелерди иштеп чыгуу γчγн жумушчу топторду тγзѳт.
4. Кыргыз Республикасынын
вице-премьер-министри (Разаков Ж.П.)
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чѳйрѳсγндѳгγ ѳкмѳттѳр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Коргоо, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы курѳшγγ маселелерин координациялайт.
Терроризмди (экстремизимди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы кγрѳшγγ боюнча иштерди координациялайт.
Бангизат каражаттарын, психотроптук заттарын жана прекурсорлорду жγгγртγγ, аларды мыйзамсыз жγгγртγγгѳ каршы кγрѳшγγ жаатындагы бирдиктγγ саясатты жγргγзγγ боюнча иштерди координациялайт.
Кызматтык кылмыштарды, экономика жана финансы чѳйрѳсγндѳгγ кылмыштарды аныктоо. алдын алуу, бѳгѳт коюу, ачуу жана иликтѳѳ боюнча укук коргоо органдарынын иштерин координациялайт.
Жазаларды аткаруу тутумунун маселелерин координациялайт.
Калкты жана аймакты ѳзгѳчѳ кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруучу жана коргоочу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ баш ийген мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт.
Чек аралык контролдоо, мамлекеттик чек ара режимин бузуулардын алдын алуу жана бѳгѳт коюу, ѳлкѳнγн эгемендигине жана аймактык бγтγндγгγнѳ кол салуу маселелерин координациялайт,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо. демаркациялоо жана чек аралык аймактарды ѳнγктγрγγ маселелерин координациялайт.
Чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жγргγзγγнγ, мамлекеттик чек ара жѳнγндѳ мыйзамдарды сактоону жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылат.
Мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чѳйрѳсγндѳгγ ѳкмѳттѳр аралык комиссиялардын ишин жана чек аралык аймактарды ѳнγктγрγγнγ координациялайт.
Диний экстремизмге каршы аракеттенγγ, жарандардын ден соолугуна. адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык тγзγлγштγн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян же коркунуч келтирген диний уюмдардын иштерине бѳгѳт коюу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын эриш-аркак иштѳѳсγн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγнγн Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы менен эриш-аркак иштѳѳсγн камсыз кылат.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳ мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чѳйрѳлѳрγндѳ маселелерди иштеп чыгуу γчγн жумушчу топторду тγзѳт.
2-тиркеме
Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,
биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги
1, Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри (Жээнбеков С.Ш.)
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Тѳмѳнкγлѳрдγн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдѳѳлѳр институтунун;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Соттук ѳкγлчγлγк борборунун;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ѳкγлдѳрγнγн.
2. Кыргыз Республикасынын
биринчи вице-премьер-министри (Абулгазиев М.Д.)
Тѳмѳнкγлѳрдγн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, экономиканы ѳнγктγрγγнγ талдоо, болжолдоо жана пландоо маселелери боюнча:
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Курчап турган чѳйрѳнγ коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин;
Kыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын:
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын:
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
жергиликтγγ мамлекеттик администрациялардын.
3. Кыргыз Республикасынын
вице-премьер-министри (Панкратов О.М.)
Тѳмѳнкγлѳрдγн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Отун-энергетикалык комплексин жѳнгѳ салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Финансы рыногун жѳнгѳ салуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик мγлктγ башкаруу боюнча фонддун:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин γлγштγк катышуусу бар акционердик коомдордун.
4. Кыргыз Республикасынын
виие-премьер-министри (Султанбекова Ч.А.)
Тѳмѳнкγлѳрдγн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Билим берγγ жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнγктγрγγ министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
"Слово Кыргызстана"' басма γйγнγн;
“Кыргыз Туусу" басма γйγнγн;
"Эркин Too" гезитинин;
Кыргыз Республикасынын "ЭлTP" мамлекеттик телерадиоберγγ компаниясынын.
5. Кыргыз Республикасынын
вице-премьер-министри (Разаков Ж,П.)
Тѳмѳнкγлѳрдγн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы кγрѳшγγ боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын.