Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2017-жылдын 18-январы № 27
Видеобайкоо, фото жана видеокаттоо, фото жана видеотаануунун программалык-аппараттык комплексин ишке киргизγγ максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда тγзγлсγн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мѳѳнѳттѳ:
- Бишкек жана Ош шаарларынын учурдагы шаардык инфраструктурасына талдоо жγргγзсγн;
- видеобайкоо, фото жана видеокаттоо, фото жана видеотаануунун программалык-аппараттык комплексинин злементтери орнотула турган пункттарды аныктасын;
- жγргγзγлгѳн иштердин натыйжасы жѳнγндѳ маалыматты Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратына киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле кѳз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жетекчилери жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топко анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптан колдоо кѳрсѳтγшсγн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Ички-иштер министрлигине жγктѳлсγн.
7.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлγмγнѳ, транспорт, курулуш жана коммуникaциялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Омуралиев Мирлан Жумабекович | -Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Токтоналиев Рашид Рустиванович | -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлγмγнγн инспектору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мγчѳлѳрγ |
Орозалиев Алмаз Кыдырмаевич | -Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, |
Догоев Дастан Давлетович | -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын тѳрагасынын орун басары; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | -Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары; |
Милицкий Геннадий Алексеевич | -Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Ахматов Калыс Орозбекович | -Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министринин орун басары; |
Аскаров Замирбек Марипбаевич | -Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Айдралиев Акылбек Орузбаевич | -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бѳлγмγнγн эксперти. |