Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2017-жылдын 25-январы № 55
«Эвентис Телеком Холдинг Лимитед» компаниясынын жана анын «Пенвэлл Бизнес Лимитед» туунду компаниясынын Кыргыз Республикасына салынган чет ѳлкѳлγк инвестициялар менен байланышкан талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда тγзγлсγн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2017-жылдын 20-февралына чейинки мѳѳнѳттѳ «Эвентис Телеком Холдинг Лимитед» компаниясынын жана анын «Пенвэлл Бизнес Лимитед» туунду компаниясынын талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыксын, ошондой эле аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ каршы эл аралык арбитраждык териштирγγнγ демилге кылуу менен байланышкан мγмкγн болуучу тобокелдиктерди иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко жγктѳлгѳн милдеттерин аткаруу γчγн мамлекеттик органдардын, жергиликтγγ мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды зарыл болгон учурда белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ѳкγлдѳрγ, жергиликтγγ мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты документтерди беришсин, анын ишине кѳмѳк кѳрсѳтγшсγн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Соттук ѳкγлчγлγк борборуна жγктѳлсγн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо мамлекеттик мγлк объекттерин башкаруу боюнча мамлекеттик саясат маселелерин тейлѳѳчγ Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун
курамы
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мγчѳлѳрγ:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин тѳрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик мγлктγ башкаруу боюнча фонддун тѳрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Соттук ѳкγлчγлγк борборунун директору.