Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-декабры № 547-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасына жана "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз тили" коому" коомдук бирикмесине материалдык-техникалык жардам берγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын балансынан тѳмѳнкγлѳрдγ ѳткѳрγп берсин:
- "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз тили" коому" коомдук бирикмесине 2 (эки) комплект компьютерди;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасына 2 (эки) комплект компьютерди.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |