Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-августу № 373-б
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджета жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине «Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чанач-Сай дарыясын суткалык жѳнгѳ салуучу бассейндин экинчи этабын куруу» объектин куруу γчγн топографиялык, инженердик-геологиялык изилдѳѳлѳрдγ жγргγзγγгѳ жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга. республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 7 (жети) миллион сомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча кошумча бѳлγп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу мыйзамдын долбоорун киргизсин.
2. «Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чанач-Сай дарыясын суткалык жѳнгѳ салуучу бассейндин экинчи этабын куруу» объектин куруу γчγн долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга мамлекеттик заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти аныкталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын агроѳнѳр жай комплекси жана экология бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |