Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-декабры, № 526-б
2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ кенештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду ѳткѳрγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Конституциясына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (жалпы элдик добуш берγγ) белгилѳѳ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтγγ кенештердин депутаттарын шайлоону жана референдум ѳткѳрγγдѳ шайлоо участокторунда техникалык кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо γчγн тартылган операторлорго акы тѳлѳѳгѳ жана жергиликтγγ кенештердин депутаттарын шайлоону жана референдум ѳткѳрγγнγ уюштурууга 43 895 150 (кырк γч миллион сегиз жγз токсон беш миң жγз элγγ) сом ѳлчѳмγндѳ акча каражатын бѳлγп берсин;
-жергиликтγγ мамлекеттик администрацияларга жана шаарлардын мэрияларына жергиликтγγ кенештердин депутаттарын шайлоону жана референдум ѳткѳрγγдѳ шайлоо участокторунда техникалык кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо γчγн тартылган операторлорго акы тѳлѳѳгѳ 64 407 770 (алтымыш тѳрт миллион тѳрт жγз жети миң жети жγз жетимиш) сом ѳлчѳмγндѳ акча каражатын бѳлγп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, ѳткѳрγлгѳн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштγγ финансылык каражаттарды пайдалангандыгы жѳнγндѳ отчет берсин.
3. Жергиликтуу мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган, ѳткѳрγлгѳн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине — тийиштγγ финансылык каражаттарды пайдалангандыгы жѳнγндѳ отчет беришсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |