Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 12-декабры № 532-б
Уран кѳмγлгѳн жерлердин айлана-чѳйрѳгѳ таасир этγγ коркунучун азайтууну, радиациялык коопсуздукту камсыздоону жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Мин-Куш шаарчасынын жана Ысык-Кѳл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай шаарчасынын аймагындагы калдык сакталган жайларды рекультивациялоону караган Евразия экономикалык коомдоштугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 602 чечими менен бекитилген «Уран ѳндγрγшγнγн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлиги Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигине 2016-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде 12 633 422 (он эки миллион алты жγз отуз γч миң тѳрт жγз жыйырма эки) россиялык рубль суммасында акча каражатын 2016-жылга Кѳз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин ѳзγнчѳ эсебине каржыласын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |