Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-декабры № 565-б
Республиканын керектѳѳчγлѳрγн жылуулук жана электр энергиясы менен γзгγлтγксγз камсыз кылууда "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо кѳрсѳтγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна республикалык бюджеттин алдындагы милдеттенмелерди жабууга 500,0 (беш жγз) миллион сом ѳлчѳмγндѳ бюджеттик ссуда берсин жана белгиленген тартипте тѳмѳнкγдѳй шарттарда карыздык милдеттенме тγзсγн:
- бюджеттик ссуданы жоюунун мѳѳнѳтγ - ай сайын бирдей тѳлѳмдѳр менен 2020-жылдын 15-январынан тартып 2021-жылдын 15-декабрына чейин;
- ссуда пайызсыз, кγрѳѳлγк камсыздоосуз;
- айыптык санкциялар - мѳѳнѳтγ ѳткѳн карыздын суммасынан жылына 6,0 пайыз.
2. "Электр станциялар'" ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунда кѳрсѳтγлгѳн бюджеттик ссуданы максаттуу багыты боюнча пайдалануу жана мамлекеттик зайымдык каражаттарды карыздык милдеттенмеге ылайык кайтарып берγγнγ камсыз кылуу сунушталсын.
3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунда кѳрсѳтγлгѳн бюджеттик ссуданы "Электр станциялар" ачык акционердик коому тарабынан максаттуу пайдалануусун жана ѳз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын ѳнѳр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бѳлγмγнѳ, финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |