Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 19-декабры № 550-б
"Электр станциялар" ачык акционердик коомуна 2016/2017-жылдын кγз-кыш мезгилине даярданууда жана республиканын керектѳѳчγлѳрγн жылуулук жана электр энергиясы менен γзгγлтγксγз камсыз кылууда мамлекеттик колдоо кѳрсѳтγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун ушул буйрукка кол коюлган датага карата болгон мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча мѳѳнѳтγ ѳткѳн карызын мурда эсептелген, бирок ушул буйрукка кол коюлган датага карата тѳлѳнбѳгѳн негизги сумманы, пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу жолу менен, ѳз ара эсептешγγлѳрдγ салыштырып текшерγγ актысынын негизинде реструктураласын.
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча 2016-жылы графикке ылайык тѳлѳнγγгѳ тийиштγγ болгон карызын негизги сумманы жана пайыздарды капиталдаштыруу жолу менен, ѳз ара эсептешγγлѳрдγ салыштырып текшерγγ актысынын негизинде реструктураласын.
Капиталдаштырылган суммаларды тѳмѳнкγ шарттарда карыздык милдеттенме тγрγндѳ тариздесин:
карызды тѳлѳѳ мѳѳнѳтγ - 2035-жылдын 15-январынан баштап 2037-жылдын 15-декабрына чейин ай сайын бирдей тѳлѳмдѳр менен, пайыздарды эсептебестен;
тѳлѳмдѳрдγн мѳѳнѳтγ ѳткѳн учурда мѳѳнѳтγ ѳткѳн тѳлѳмдγн суммасынан жылдык 6 пайыз ѳлчѳмγндѳ айыптык санкцияларды белгилесин.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна мамлекеттик зайымдык каражаттарды карыздык милдеттенменин шарттарына ылайык кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун мамлекеттик зайымдык каражаттарды карыздык милдеттенменин шарттарына ылайык ѳз убагында кайтаруусун контролдоону камсыз кылуу сунушталсын
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын ѳнѳр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бѳлγмγнѳ, финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |