Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 14-декабры № 670
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 1-октябрындагы № 468 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-
коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
БУУӨПтүн "Демократиялык, башкаруу" программасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча координатору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык технологиялар жана байланыш маселелерин тейлеген курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин катчысы.
Жекече: | ||
Аттокуров Данияр Бексултанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жунус уулу Алтынбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Каратаев Марат Каратаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын коопсуздук чөйрөсүндө стратегиялык пландоо жана эл аралык кызматташтык секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Миркин Евгений Леонидович | - | Кыргызстан Эл аралык университетинин "Компьютердик маалыматтык технологиялар жана башкаруу" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Талыпов Кубатбек Кемелович | - | Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана радиоэлектроника" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча). |