Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-январы № 5-б
Жарандарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын γлгγсγндѳгγ паспорттору жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын γлгγсγндѳгγ жалпы жарандык паспорттору менен ѳз убагында документтештирγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Паспорт" автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу менен жарандарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын γлгγсγндѳгγ паспорттору жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын γлгγсγндѳгγ жалпы жарандык паспорттору менен шашылыш документтештируу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жγргγзсγн:
- Бишкек шаарында 3 жумуш саатынын ичинде;
- Чуй облусунда 8 жумуш саатынын ичинде.
2. Пилоттук долбоорду жγргγзγγ мѳѳнѳтγ Бишкек шаарында жана Чуй облусунда 2017-жылдын 10-январынан 2017- жылдын 31 -мартына чейин белгиленсин.
3. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен жγргγзγлсγн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын 1-мартына чейинки мѳѳнѳттѳ ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызматтарды туруктуу негизде кѳрсѳтγγ маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн тиешелγγ чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |