Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-январы № 1-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Монако Княздыгынын Маалымат жана финансылык агымдарды контролдоо кызматынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык:
Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоого байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Монако Княздыгынын Маалымат жана финансылык агымдарды контролдоо кызматынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |