Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 12-декабры № 534-б
Кыргыз Республикасы менен Чили Республикасынын жарандарынын, дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспортторунун ээлеринин ѳз ара барып-келγγ режимин тартипке келтирγγ максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Чили Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жѳнγндѳ макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисине бул Макулдашууга принциптγγ эмес мγнѳздѳгγ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ укугу менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Чили Республикасынын
Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык
паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жѳнγндѳ
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Чили Республикасынын Ѳкмѳтγ (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
эки ѳлкѳнγн ортосундагы достук байланышты жана кызматташтыкты чындоону каалап,
мамлекеттердин аймагында ѳз жарандарынын, дипломатиялык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлеринин барып-келγγлѳрγн жѳнѳкѳйлѳтγγ зарылдыгын таанып,
тѳмѳнкγлѳр жѳнγндѳ макулдашты:
1- берене
Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин жарандары. жарактуу дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери жана экинчи Тараптын мамлекетинде акредиттелбегендер кирген датадан баштап 30 (отуз) кγндѳн ашпаган мезгилдин ичинде виза алуу зарылдыгысыз экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кире алат, транзит менен ѳтγп. болуп жана чыга алат.
2- берене
1. Ушул макулдашуунун 1-беренесинде аталган мезгилди узартуу кабыл алуучу мамлекеттин компетенттγγ органдары тарабынан аккредиттациялоочу мамлекеттин дипломатиялык ѳкγлчγлγгγнѳн же консулдук мекемесинен жазуу жγзγндѳгγ суроо-талап тγрγндѳ ишке ашырылат.
2. Тараптын дипломатиялык ѳкγлчγлγгγ же консулдук мекемеси болбогон учурда, жарактуу дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери кабыл алуучу мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин компетенттγγ органдарына кайрылышы керек.
3- берене
Тараптардын ар биринин жарандары, жарактуу дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери жана Тараптардын ар биринин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында аккредиттацияланган эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык ѳкγлчγлγктѳрγнγн, консулдук мекемелеринин же расмий ѳкγлчγлγктѳрγнγн мγчѳлѳрγ, ошондой эле жарактуу дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспортторго ээ алардын багуусундагылар экинчи Тараптын аккредитация талаптарын сактоо шартында, ѳзγ экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон мезгилинин ичинде виза алуу зарылдыгысыз алар дайындалган убакта экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кире алышат, транзит менен ѳтγп, болуп жана чыга алышат.
4- берене
Бул Макулдашууда аталган Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин жарандары эл аралык жγргγнчγлѳр каттамы γчγн ачылган бардык чек ара пункттары аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кире алышат, транзит менен ѳтγп, болуп жана чыга алышат.
5- берене
Ушул Макулдашуу боюнча визалык талаптардан бошотуу Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин дипломатиялык же расмий/кызматтык паспорттордун ээлерин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында колдонуудагы мыйзамдарды жана эрежелерди сактоодон бошотпойт.
6- берене
Тараптардын ар бири ѳзγнγн кароосу боюнча каалабаган конкерттγγ адамды ѳзγнγн мамлекетинин аймагына киргизγγдѳн баш тартууга укуктуу.
7- берене
1. Тараптар бул Макулдашуу кγчγнѳ киргенге чейин 30 кγндѳн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган ѳз паспортторунун γлгγлѳрγн алмашат.
2. Эгерде Тараптардын кимиси болбосун бул Макулдашуу кγчγнѳ киргенден кийин ѳз паспортторунун тγрγн ѳзгѳртсѳ же жаңы паспортторду киргизсе, анда ал дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапты алар колдонулганга чейин кеминде 30 (отуз) кγн мурун жаны паспорттордун γлгγлѳрγ менен камсыз кылышы керек.
8- берене
Тараптардын кимиси болбосун Макулдашууну токтотушу мγмкγн , ал анын себебин кѳрсѳтγγ менен дипломатиялык каналдар аркылуу расмий тγрдѳ кабарлашы керек. Токтотуу мындай кабарлоо алынгандан кийин токтоосуз кγчγнѳ кирет.
9-берене
Бул Макулдашууну чечмелѳѳдѳ же колдонууда келип чыккан бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сγйлѳшγγлѳрдγ жана консультацияларды жγргγзγγ аркылуу тынчтык жолу менен чечилет.
10-берене
1. Бул Макулдашуу анын кγчγнѳ кириши γчγн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жѳнγндѳ дипломатиялык каналдар аркылуу бир Тарап экинчи Тарапка акыркы кабарлаган датадан тартып 60 (алтымыш) кγндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
2. Бул Макулдашууга тараптардын ѳз ара макулдугу боюнча оңдоолор киргизилиши мγмкγн, ал дипломатиялык каналдар аркылуу расмий тγрдѳ жиберилет. Мындай ондоолор бул берененин биринчи абзацына ылайык кγчγнѳ кирет.
3. Бул Макулдашуу Тараптардын бири бул Макулдашууну денонсациялаганга жана мындай чечим жѳнγндѳ дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлаганга чейин кγчγндѳ болот. Денонсация мындай кабарлоо алынгандан тартып 90 (токсон) кγндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
................ шаарында .............................. эки нускада кыргыз, испан, орус жана англис тилдеринде тγзγлдγ, мында бардык тексттер бирдей кγчкѳ ээ. Чечмелѳѳдѳ кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ γчγн Чили Республикасынын Ѳкмѳтγ γчγн