Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-октябры № 428-б
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Тараптардын ортосундагы достук мамилелерди кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
- билим берүү жаатындагы кызматташтык эки Тараптын улуттарын түшүнүүгө мүмкүндүк берээрине ишенүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өнөктөштүк жана бирин-бири сыйлоо принциптеринин негизинде билим берүү жаатындагы кызматташтыктын ар түрдүү формаларын колдошот.
2-берене
Тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, билим берүү системасынын түзүмүнө жана аны уюштурууга, окуу планына, дидактикалык материалдарга тиешелүү маалыматтарды, колдонуудагы ченемдик укуктук документтерди жана Тараптардын ийгиликтүү кызматташуусу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар билим берүү институттарынын ортосундагы кызматташтыкты колдойт, илимий кызматташтыкка, окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын, билим берүү кызматкерлеринин, академиялык персоналдын, илимий кызматкерлердин, эксперттердин, адистердин мобилдүүлүгүнө көмөк көрсөтөт.
4-берене.
Тараптар жогорку билим берүү, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү (магистратура, докторантура) жаатында стипендияларды берүү, окутуучулар, академиялык персонал, илимий кызматкерлер жана мамлекеттик кызматчылар үчүн стажировкалардан өтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашат.
5-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кошумча протоколдорду түзүү жолу менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул Макулдашууну интерпретациялоого жана ишке ашырууга карата Тараптардын ортосунда келип чыккан кайчы пикирлер консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
6-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу Тараптардын бири тиешелүү мезгил аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбей экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндөгү кабарлоосун жибербесе, кийинки беш жылдык мөөнөткө ар бир жолу автоматтык түрдө узартылып турат.
______________ шаарында 2016-жылдын "__" _____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, грузин жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн |
| Грузиянын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн |