Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-октябры № 434-б
2016-жылдын 18-21-октябрында Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында болуучу "Жибек жолунун жаңы моделин биргелешип куруу жана көп багыттуу кызматташтык үчүн платформа ачуу" темасындагы Кытай - Борбор Азия кызматташтыгынын IV форумунун ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 17-22-октябрында Кытай Эл Республикасына командировкага жиберилсин.
3. Суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| С. Жээнбеков |
Тиркеме
"Жибек жолунун жаңы моделин биргелешип куруу жана көп багыттуу кызматташтык үчүн платформа ачуу" темасындагы Кытай - Борбор Азия кызматташтыгынын IV форумунун ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Кемелова Динара Амантуровна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Бактыгулова Канайым Джумадиловна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Шаршекеев Марат Дуйшебаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Орозбеков Алымбек Асылбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору; |
Абидов Абдыкадыр Омарович(*) | - | Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору; |
Сартов Таштанбай Эсенович(*) | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биринчи проректору; |
Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович | - | Кыргызстан өндүрүшчүлөрдүн жана ишкерлердин бирлигинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Канат Мелисович | - | "Оргтехстрой" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Салибаев Тилек Тынычбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Джумабеков Чингиз Ишенович(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; |
Абдраева Салтанат(*) | - | Кыргыз улуттук "Кабар" маалыматтык агенттигинин кабарчысы (макулдашуу боюнча); |
Шаршекеева Ирина | - | "Ак-Марал" корпорациясынын башкы менеджери (макулдашуу боюнча). |
(*) - суткалык чыгымдардан тышкары, командировкалык чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт.