Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-октябры № 437-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөрүүсүнө жана кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 635-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Аттокуров Данияр Бексултанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Усенов Азамат Эркинбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Байтереков Таалай Алымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Джуматаева Гульнура Муратовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
- ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан Г.А.Скрипкина, Д.Б.Садыков, Э.Т.Мамырканов, А.К.Алимбаев, Н.Т.Ибраев чыгарылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |