Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-ноябры № 476-б
"Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга расмий делегациянын башчысына, ал эми ал жок учурда - расмий делегациянын башчысынын орун басарына ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министрдин | С.Ш. Жээнбеков |
милдетин аткаруучу
Тиркеме
"Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети төрагасынын милдетин аткаруучу, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Шадиев Аскарбек Алимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы; |
Мусабекова Жылдыз Аманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Чудинов Игорь Витальевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Оморов Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаков Эркинбек Куменович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Абдыжапаров Аскарбек Самийбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Рыспеков Арсен Арзиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары: |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Султанов Арстаналы Камбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык мыйзам боюнча методология башкармалыгынын начальниги; |
Абасканов Нурбек Эсенканович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков Эркин Эсенбекович | - | "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |