Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 31-октябры № 472-б
Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Сапатты, инспекциялоону жана карантинди көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министрдин | С.Ш. Жээнбеков |
милдетин аткаруучу
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Сапатты,
инспекциялоону жана карантинди көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы
Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Сапатты, инспекциялоону жана карантинди көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы өз ара кызыкчылыктарды моюнга алуу менен, ар түрдүү чөйрөдөгү стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо маселелери боюнча кызматташууну ишке ашырышат, техникалык инновацияларга көмөктөшүү, эки тараптуу экономикалык кызматташууну жана сооданы өнүктүрүүгө жардамдашуу, туруктуу өнүктүрүүгө жана стратегиялык кызматташуу боюнча мамилени тереңдетүүгө көмөктөшүү максатында жана эки өлкөдө колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык Жибек жолунун Экономикалык алкагы программасын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар төмөнкүдөй багыттарда кызматташууну бекемдешет:
1. Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо тармагында тажрыйба алмашуу, улуттук стандарттарды, улуттук стандарттардын тизмегин жана аларга байланыштуу материалдар, окуу китептери ж.б.у.с. менен алмашуу.
2. Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча эл аралык уюмдардын алкагындагы иштерге жана жолугушууларга катышууда маалымат алмашуу, иш-аракеттерди координациялоо жана колдоо көрсөтүү.
3. Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо тармагында өз ара пайдалуу шарттарда эки тараптуу техникалык жардам көрсөтүү.
2-берене.
Тараптар кызматташтыктын прагматикалык жана натыйжалуу механизмдерин негизинен төмөнкүдөй формаларда белгилешет:
1. Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча эл аралык уюмдардын жыйындарында жогорку деңгээлдеги диалогдорду өткөрүү.
2. Өткөрүлгөн жыйындардын жана жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча кызматташтык жөнүндө маселелерди чечүү үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле Жибек жолунун Экономикалык алкагы программасын ишке ашыруу максатында иш-аракет пландары жана биргелешкен долбоорлор боюнча чечимдерди кабыл алуу,
3. Семинарларды уюштуруу жана өткөрүү, стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо тармагындагы илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын алмашуу.
4. Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдардын тийиштүү адистери үчүн эки тараптуу визиттерди жана окутуу сабактарын өткөрүү.
5. Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо тармагында өз ара пайдалуу шарттарда техникалык жардам көрсөтүү.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоого жооптууларды аныкташты:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинен:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору
Тел.: +996-312-623790
Fax: +996-312-661367
E-mail: nism@nism.gov.kg
- Кытай Эл Республикасынын Сапатты, инспекциялоону жана карантинди көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынан:
AQSIQ эл аралык кызматташтык департаментинин директору
Фан Лей Ией
Тел.: +8601082262191
Fax: +8601082260216
E-mail: fanll@aqsiq.gov.cn
Тараптар координациялоого аткаруу бийлигинин башка кызыкдар органдарынын жана уюмдардын өкүлдөрүн тартууну каалашат.
4-берене.
Келип чыккан талаш маселелер же укуктук милдеттенмелерге же милдеттерге тийиштүү маселелер Тараптардын консультациялары жана сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет.
5-берене.
Тараптардын чыгымдары алардын ар бири ушул Макулдашуу боюнча кызматташтыкты аткарууга байланышкан чыгымдарды өздөрүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен өз алдынча көтөрөт, эгерде башка сүйлөшүп келишүүчүлүк болбосо.
6-берене.
Тараптар улуттук мыйзамдарына, ошондой эле өз мамлекети катышкан эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык ушул Макулдашуунун негизиндеги кызматташтыктын алкагында өткөрүлүүчү биргелешкен иштердин жыйынтыктарына карата интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылууну каалашат.
Ушул Макулдашуунун негизинде Кытай Эл Республикасынын стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча улуттук органдары менен Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органынын ортосунда стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө айкын иштерди жүзөгө ашыруу үчүн макулдашууну түзүүгө болот.
7-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлгандан кийин күчүнө кирет жана беш (5) жылга чейин колдонулат, андан ары макулдашуу боюнча ал кийинки мезгилдин ичинде беш (5) жылдан эки жолу колдонулат. Макулдашууну ар бир Тарап буза алат, бул жөнүндө башка тарапка аны колдонуу мөөнөтү бүтөөрдөн үч ай мурда жазуу түрүндө билдириши керек.
Макулдашууга Бишкек шаарында _______________ (датасы) кытай, англис жана орус тилдеринде кол коюлду. Бардык версиялары бирдей. Талаш-тартыш келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу Макулдашуунун колдонулушу токтогонго чейин демилгеленген Макулдашуунун алкагындагы долбоорлордун аткарылышына же узартылышына таасирин тийгизбейт.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Сапатты, инспекциялоону жана карантинди көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы үчүн |
_______________________________________________ |
| ____________________________________________________ |