Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 31-октябры № 470-б
Кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташууну бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл
Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик
комитетинин ортосундагы Өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана
инвестициялык кызматташууну бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү
боюнча МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары - "Тараптар" деп жана ар бир Тарап өз алдынча "кыргыз Тарап" жана "кытай Тарап" деп аталышат);
өндүрүштүк кубаттуулуктарды чыңдоо жөнүндө эки өлкөнүн жетекчилеринин маанилүү макулдашуусуна негизденишип;
өндүрүштүк кубаттуулуктар жана эки мамлекеттин бирдиктүү өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү максаттарына негизденишип;
эки тараптуу инвестициялык кызматташуунун жетишилген жакшы натыйжаларына, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун бар болгон чоң потенциалына жана аны тереңдетүү ниетине негизденишип;
достук консультациялардын жолу менен Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар коммерциялык принциптерге жана эл аралык тажрыйбага таянышып, теңдиктин жана өз ара пайданын негизинде мамлекеттердин ишканаларына өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык түрткү беришет жана көмөк көрсөтүшөт, ушул Өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташууну бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумдун (мындан ары - Меморандум) алкагында долбоорлорду биргелешип ишке ашырышат.
2-берене.
Тараптар төмөнкүдөй чөйрөлөрдө өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташууну чыңдоого макулдашты:
- түстүү металлдар;
- курулуш материалдары;
- коммуникация;
- электр энергиясы;
- жеңил өнөр жайы;
- текстиль;
- айыл чарбасы;
- Тараптар макулдашкан жана башка тармактар.
3-берене.
Тараптар ушул Меморандумду ишке ашырууга жооптуу кытай-кыргыз жумушчу тобун түзүшөт (мындан ары - "Жумушчу топ"),
Жумушчу топту кыргыз Тараптан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгы, кытай Тараптан - Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин Чет элдик капитал жана чет өлкөлүк инвестициялар боюнча департаменти жетектейт.
4-берене.
Жумушчу топтун милдеттери:
1) Тараптардын өндүрүштүк кубаттуулуктар жана инвестициялык кызматташуу чөйрөсүндө Тараптар киргизишкен сунуштарды изилдөө;
2) Тараптардын консультацияларынын негизинде кызматташуунун жогоруда белгиленген чөйрөлөрүндө биргелешкен иштин/кызматташуунун ыкмаларын жана чараларын изилдөө, анын ичинде өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташууну чыңдоого көмөк көрсөтүүгө байланыштуу саясый сунуштарды изилдөө;
3) ушул Меморандумдун алкагындагы иш-чаралардын жыйынтыктарын мониторингдөө;
4) Тараптардын өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташууну чыңдоо боюнча ири маанилүү долбоорлорун жылдыруу жана түрткү берүү;
5) диалогдорду, форумдарды, симпозиумдарды, семинарларды, долбоорлордун презентацияларын өткөрүү ж.б.;
6) Тараптардын өндүрүштүк кубаттуулуктарын чыңдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу процессинде кезигүүчү көйгөйлөрдү өз убагында макулдашуу, ошондой эле чечүү.
5-берене.
Кызматташуунун долбоорлорун ишке ашырууну натыйжалуу илгерилетүү максатында Тараптар долбоорлорду байланыштыруу/коштоо механизмин түзүшөт, аны Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча агенттик жана Кытайдын Чет өлкөлөрдөгү ишканаларды өнүктүрүү боюнча ассоциациясы жетектешип, алар Жумушчу топко көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле кызматташуунун негизги долбоорлорун жана ишканаларга долбоорлорду илгерилетүүгө жана байланыштырууга түрткү болуучу, байкоого алуучу, потенциалдуу биргелешкен долбоорлорду өз учурунда алдыга жылдыруучу долбоорлордун тизмесин түзүү жана жаңыртып туруу үчүн жооптуу болушат.
6-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, өздөрүнүн компетенттүү ведомстволору менен бирдикте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү жардамды көрсөтүшөт.
7-берене.
Эгерде башкача макулдашылбаса, Тараптар ушул Меморандумдун алкагында жүргүзүлгөн кызматташууга катышууда пайда болгон чыгымдарын өздөрү тартышат.
8-берене.
Тараптар Өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташууну бекемдөө боюнча долбоорлорду ишке ашырууда өз кызыкчылыкты пайда кылган маселелер боюнча маалыматтарды алмашып турууга макулдашты.
Тараптар өндүрүштүк кубаттуулуктарды чыңдоо боюнча өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда жаңы илимий-техникалык жана инновациялык жетишкендиктерди пайдаланууга басым жасоого макулдашты.
9-берене.
Ушул Меморандумду түшүнүү жана колдонуу тууралуу пайда болгон бардык талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен консенсустун негизинде чечилет.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Меморандумга ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө Протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бул Меморандум Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы башка ар кандай макулдашууларды түшүнүүгө жана ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
10-берене.
Меморандум кол коюлган күндөн тартып беш жыл мөөнөткө күчүнө кирет. Эгерде Тараптардын бири жазуу жүзүндө экинчи Тарапты Меморандумдун аракеттенүүсүнүн мезгили аяктаганга чейин алты айдан кем эмес мурдатан анын аракетин токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин билдирбесе, Меморандум кийинки ар бир беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
Бул Меморандумдун аракетин токтотуу анын аракети токтотулган күнгө чейин ушул Меморандумдун алкагында аткарылып жаткан же аткарылган ишке тиешеси болбойт.
Бул Меморандум 2016-жылдын "__" ___________ ноябрында Бишкек шаарында ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү жана баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети үчүн |