Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-октябры № 441-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 494-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын көңүлгө алуу менен:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 494-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 494-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансылык каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоолорду өткөрүү убагында шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо участкаларына шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
3-1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган жана жүргөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды даярдасын жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берсин;
- республиканын чегинен сыртта жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 494-б буйругунун редакциясына ылайык)
3-2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарында кызмат өтөп жаткандардын;
- шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынгандардын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 494-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына берилген баардык жайлардын өрт коопсуздугунун жана энергетикалык коопсуздуктун талаптарына ылайыктыгын текшерсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин тариздөө, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча иштерине көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү үчүн шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорттук жана материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 494-б буйругунун редакциясына ылайык)
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 494-б буйругунун редакциясына ылайык)
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары. |
Республикалык штабдын мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Ахметов Уран Тулондиевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Исраилов Улан Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Казаков Түгөлбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Калилов Жамшитбек Калилович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; |
Сегизбаев Абдил Кенешович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Шаршембиев Бакыт Нуржанович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Кенжисариев Марат Сарымсакович |
| Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Зилалиев Дүйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Касымкулов Мирбек Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; |
Адылов Бакыт Адылович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; |
Муратбеков Канатбек Камбарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы; |
Эгамбердиева Джумагүл Шариповна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Жапаров Таалайбек Токталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Ибраимов Албек Сабирбекович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Акибаев Аскат Акибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Халмурзаев Абиш Алыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кенекеев Дайыр Атакулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сарыбашов Таалайбек Насырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. |