Редакцияот 26.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 26-декабры № 567-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бѳлγгγн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекетгик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кызматкерлери γчγн 2016-жылдын 31-декабры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш кγнγ деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын агент-банктарына 2016-жылдын 31-декабрын жумуш кγнγ деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков