Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 15-февралы № 42-б
Азык-тγлγк жана отун-энергетикалык коопсуздукту бекемдѳѳ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги кант кызылчасын жана кѳмγрдγ темир жол транспорту менен ташууда 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилге 2015-жылы колдонулган тарифтерди белгилесин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын агроѳнѳр жай комплекси жана экология бѳлγмγнѳ, ѳнѳр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бѳлγмγнѳ, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |