Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2017-жылдын 13-апрели ПБ № 100

 

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында, кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн эрдигине, кайратына жана каармандыгына таазим кылып:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана аларды бардык жерде жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылсын;

- иш-чараларды финансылык жана уюштуруучулук камсыз кылуу маселелерин чечсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев