Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-апрели № 268
Кѳп жылдык эмгеги жана Кыргыз Республикасынын билим берγγ жана экономика системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Башкаруунун жогорку мектебинин менеджмент жана экономика кафедрасынын доценти Алимбаева Шахадат Бакировна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйлансын,
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Сейдахматова Салия Зоданбековнага
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Башкаруунун жогорку мектебинин менеджмент жана экономика кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу;
|
Окенаева Майрамкуль Жокеновнага
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Башкаруунун жогорку мектебинин менеджмент жана экономика кафедрасынын улук окутуучусу.
|
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |