Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 20-апрели № 280
"Манас" эл аралык аэропортунун жана Кыргыз Республикасынын башка аэропортторунун учуп-конуу тилкесине жакын жайгашкан жер участокторуна отурукташтыруу маселесин комплекстүү иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия Кыргыз Республикасынын аэропортторунун учуп-конуу тилкесине жакын жайгашкан жер участокторуна отурукташуу маселесин изилдесин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевге жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (аэропорттор жайгашкан облустар);
жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары (аэропорттор жайгашкан райондор);
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары (аэропорттор жайгашкан айыл аймактары).
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ