Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 19 - апрели № 275
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун ишин каржылоо маселеси боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө соттук-медициналык экспертиза кызматын жетишсиз каржылоо менен байланышкан маселелерди изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына каржылоонун ар кыл механизмдери жана булактары боюнча сунуштарын киргизсин.
3. Жумушчу топ төмѳнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттерин белгиленген тартипте ишке тартууга;
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан өз функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктγрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
Республкалык соттук-медициналык экспертиза борборунун ишин
каржылоо маселеси боюнча жумушчу топтун курамы
Султанбекова Ч.А. | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Кийизбаева Ж.И. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
|
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абакиров Э.К. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
|
Азимов А.К. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Абдыкаров Д.С. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
|
Ешходжаева А.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнγктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Тойматов С.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин -медициналык жардам кѳрсѳтγγ жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги;
|
Ли П.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин контролдоо жана ички аудит башкармалыгынын начальниги;
|
Акунов Э.У. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары.
|