Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-майы № 141-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 449-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:
Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтердин кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Жусубалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Абдыкаров А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Рыспеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Асаналиев С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын начальниги; |
Шаршеналиев Н.А. | - | Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Дононбаев Э.К. | - | Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Изабаев К.Д. | - | Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
- Осоев Э.А., Мамбетов Т.М., Рустамов А.А., Тойбаев К.К., Супатаев Т.У., Акматов К.К., Иманов Д.Ж. жана Укубаев Э.А. ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан чыгарылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |