КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-марты № 119-б
Базар бааларынын төмөндөшүнөн улам "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлүүчү күйүүчү мазутту сатууда түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу, ошондой эле ишкананын өндүрүшүнүн токтоп калуусун алдын алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна иштерин жүргүзүүлөрү үчүн зарыл болгон көлөмдүн чегинде, базарда түзүлгөн базар баалары боюнча күйүүчү мазутту сатуу сунушун "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун тиешелүү башкаруу органынын кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна иштерин жүргүзүүлөрү үчүн зарыл болгон көлөмдүн чегинде, базарда түзүлгөн баалар боюнча күйүүчү мазутту сатуу;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго күйүүчү мазутту өндүрүүнүн жана сатуунун өздүк наркына кошулуучу чыгымдарды оптималдаштыруу жана "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун Жалал-Абад мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо боюнча пландарды берүү.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |