Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 17 марты № 107-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз убагында жана сапаттуу механизациялаштырылган кызмат көрсөтүү, лизингди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, агрардык тармакты жаңыртуу жана техникалык модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте:
- бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн компетенцияларынын алкактарында механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча ар түрдүү кубаттуулуктагы уюмдарды (машина-трактордук станцияларды) республиканын ар бир районунда этабы менен ачуу боюнча 2016-2020-жылдарга карата иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте бекитишсин;
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдардын (машина-трактордук станциялардын) тизмесин аныкташсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- айыл өкмөтүнүн балансындагы пайдаланылбаган имараттарды, өндүрүш аянттарын, жабдууларды жана станоктор паркын, оңдооканаларды, машиналык короолорду жана гараждарды өндүрүш максатында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдарга (машина-трактордук станцияларга) ажыратып (ижарага берүү, алмаштыруу же сатуу) берүү;
- тиешелүү өндүрүш базаларын ачуу үчүн агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдарга (машина-трактордук станцияларга) жер бөлүү жөнүндө маселени кароо;
- түзүлүп жаткан механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдарга (машина-трактордук станцияларга) зарыл болгон инфраструктура (материалдык-техникалык база, энергия менен камсыздоо, суу менен камсыздоо жана кирүүчү жолдорун жасоо) менен камсыздоо боюнча колдоо көрсөтүү.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдардын (машина-трактордук станциялардын) машина-трактордук паркын модернизациялоо жана толуктоо максатында айыл чарба техникасын лизинг аркылуу сатып алуу боюнча бизнес-план түзүүдө аларга практикалык колдоо көрсөтсүн жана консультациялык кызматтарды берсин;
- республиканын райондорунун пландарынын негизинде механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдардын (машина-трактордук станциялардын) топтомо тизмесин түзсүн, түзүлүп жаткан уюмдарды комплекттөө үчүн талап кылынуучу айыл чарба техникасына жалпы тапшырык даярдасын жана "Айыл банк" ачык акционердик коомуна берсин.
4. "Айыл банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдардын (машина-трактордук станциялардын) тапшырыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги берген тизмеге ылайык алардын төлөө жөндөмдүүлүгүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба техникасын лизингге берүү маселесин кароо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы агротехсервис уюмдарына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканаларына, ошондой эле донорлордун кредиттик ресурстарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылуучу лизингдик долбоорлордун алкактарында механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүүчү бардык ишкер субъекттерине төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша жана банктын талаптарына шайкеш келген шартында техниканы лизингге берүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- буга чейин техниканы лизингге алган жана кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө өз убагында төлөмдөрдү берген механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдарга (машина-трактордук станцияларга) айыл чарба техникасын лизингге кошумча алуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана "Айыл банк" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Республикасы менен Евразия банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун стабилизациялык фондунун каражаттарынын эсебинен инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун "Айыл банк" ачык акционердик коомуна берилүүчү кредиттин пайыздык ставкасын, жылдын жыйынтык пайыздык ставкасын 9%дан 5%га чейин төмөндөтүү үчүн лизингдик фондду түзүүгө багытталган 4 пайыздык ставканы жоюунун эсебинен, 5%дан 1%га чейин төмөндөтүү боюнча шарттарын өзгөртүү тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте эки айлык мөөнөттө айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүү, ошондой эле механизациялаштырылган агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча уюмдарды (машина-трактордук станцияларды) ачууга жана иштетүүгө дем берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин изилдесин жана сунуштарды берсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т. А. Сариев |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ