Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 17-марты № 106-б
Республиканын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүүнүн, экологиялык жана санитардык абалынын талаптагыдай деңгээлин кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Республиканын бүткүл аймаганда жыл сайын 20-февралдан 20-майга чейинки мезгил "жашылдандыруунун үч айлыгы" деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына жыл сайын даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдарды түзүшсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөр (макулдашуу боюнча) ушул буйруктун 2-пункту менен бекитилген Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине ар бир айдын (март, апрель, май) 10уна карата жыл сайын "жашылдандыруунун үч айлыгын" өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйруктун 2-пункту менен бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашыруунун мониторингин жүргүзсүн;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган маалыматты 1-июнга чейинки мөөнөттө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жыл сайын 1-ноябрга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына аткарылган иштин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты берип турсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 253-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы жана ишке ашыруу формасы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Көрсөткүчтөр | Каржылоо булактары |
1 | Калктуу конуштардын аймактарында дарактардын жана бадалдардын түрлөрүн отургузууга жарактуу жерлерди (массивдер түрүндөгүлөрдү) издөө иш-чараларын уюштуруу | Жыл сайын 15-февралга чейин | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү (макулдашуу боюнча) | Дарактардын жана бадалдардын көчөттөрү отургузулуучу жерлер аныкталат | Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү үчүн каралган бюджеттик каражаттардын чегинде |
2 | Жашылдандыруу үчүн бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүнүн саны жөнүндө (жыл сайын 2 млн. даанадан кем эмес) маалыматты камсыздоо; көчөттөрдү отургузуу жана аймактарын жашылдандыруу маселелеринде консультациялык колдоо көрсөтүү | Жыл сайын 20-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Көчөттөрдүн саны боюнча маалымат камсыздалат, консультациялык жардам көрсөтүлгөн | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен каралган каражаттын чегинде |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнөн көчөттөрдү сатып алуу; бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузуу | Жыл сайын 20-февралдан 20-майга чейин | Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү (макулдашуу боюнча) | Дарактардын бадалдардын отургузулган көчөттөрүнүн аянттары көбөйөт | Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөр жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги үчүн бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
4 | Отургузулган көчөттөрдү жана бадалдарды багуу жана кайтаруу боюнча иш-чараларды уюштуруу | Дайыма | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү (макулдашуу боюнча) | Отургузулган көчөттөрдүн жана бадалдардын сакталат жана өнүмдүүлүгү камсыздалат | Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөр үчүн бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде |
5 | Калктуу конуштардын аймактарын санитардык тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү | Жыл сайын 20-февралдан 20-майга чейин | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү (макулдашуу боюнча) | Калктуу конуштардын аймактарында санитардык тазалоо боюнча ишембиликтер өткөрүлөт | Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөр үчүн бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде |
6 | Отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн жана сапатын контролдоо | Жыл сайын, марттан октябрга чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы | Отургузулган дарактардын өнүмдүүлүгү жана сакталышы камсыздалат | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына каралган бюджеттин чегинде |
7 | Бак-дарактарды отургузуу жана мектептердин аймактарын жашылдандыруу боюнча жылына акцияларды өткөрүүнү уюштуруу | Жыл сайын | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Бак-дарактарды отургузуу жана мектептердин аймактарын жашылдандыруу боюнча жыл сайын акция өткөрүлөт | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
8 | Сел жүрүү коркунучу бар участокторго коргоочу бак-дарактарды отургузуу | Жыл сайын | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Сел жүрүү коркунучу бар участокторго коргоочу бак-дарактар отургузулат | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ