Редакцияот 15. 03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 15 марты № 103-б

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мүчөсү Айбалаев Алмаз Маматович кызматынан бошотулсун.

2. Асрандиев Эркин Шамшудинович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мүчөсү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

 

Т.А.Сариев