Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 7-декабры № 591-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-январындагы № 7-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын эксплуатациялоого киргизүүнү жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин үлгүлөрү, 1-тиркемеге ылайык;
- транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилеринде колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларынын жана облустарынын сандык коддорунун тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди даярдоого ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди системага салуу жана индексациялоо максатында транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү боюнча атайын автоматташтырылган программалык камсыздоону иштеп чыксын жана киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин стандартын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборуна бекитүү үчүн киргизсин;
- 2016-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берип баштасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин каттоо эрежелеринен биргелешкен ишканалар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн берилген "Н" сериясынын сары фондогу каттоо номерлерин алып салуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте демилгелесин;
- ушул буйруктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы өзүнө транспорт каражаттар үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерге "KG" эл аралык тамга белгисин тандап алганы жөнүндө БУУнун катчылыгына нота жиберсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-сентябрындагы № 326-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 416 КПҮ буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 621-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-декабрындагы № 679-б КПҮ буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 204-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 449-б КПҮ буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйрукту ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын, мамлекеттик органдарынын жака жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин ҮЛГҮЛӨРҮ
Графикалык көчүрмөсүн КР юстиция министрлигинде караңыз.
2-тиркеме
Транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилеринде колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларынын жана облустарынын сандык коддорунун ТИЗМЕСИ
№ | Шаарлардын жана облустардын аталыштары | Код |
1 | Бишкек шаары | 01 |
2 | Ош шаары | 02 |
3 | Баткен облусу | 03 |
4 | Жалал-Абад облусу | 04 |
5 | Нарын облусу | 05 |
6 | Ош облусу | 06 |
7 | Талас облусу | 07 |
8 | Чүй облусу | 08 |
9 | Ысык-Көл облусу | 09 |
Эскертүү:
Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, шаарлар менен облустарга коддор кыргыз тилинин алфавитине ылайык ыйгарылган.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2015-жылдын 7-декабры № 591-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июнундагы № 194-б, 2020-жылдын 16-январындагы № 7-б буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын эксплуатациялоого киргизүүнү жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин үлгүлөрү, 1-тиркемеге ылайык;
- (Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июнундагы № 194-б буйругунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди даярдоого ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди системага салуу жана индексациялоо максатында транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү боюнча атайын автоматташтырылган программалык камсыздоону иштеп чыксын жана киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга таандык болгон транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин стандартын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборуна бекитүү үчүн киргизсин;
- 2016-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берип баштасын;
- (Бешинчи абзацы КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июнундагы № 194-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- ушул буйруктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июнундагы № 194-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы өзүнө транспорт каражаттар үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерге "KG" эл аралык тамга белгисин тандап алганы жөнүндө БУУнун катчылыгына нота жиберсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-сентябрындагы № 326-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 416 КПҮ буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 621-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-декабрындагы № 679-б КПҮ буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 204-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 449-б КПҮ буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын, мамлекеттик органдарынын жака жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын транспорт
каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин үлгүлөрү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июнундагы № 194-б, 2020-жылдын 16-январындагы № 7-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.