Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 25-майы № 184-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 63-б, буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык блоктун маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлөөчү вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
"Кыргыз Республикасынын чек аралык маселелер, региондук өнүктүрүү, агроөнөр жай комплекси, суу ресурстары маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;".

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун өкүлү (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасындагы бюджеттердин долбоорлорун кароо, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдөгү пикир келишпестиктер боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле фискалдык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн коллегиялык орган болуп саналат.
2. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин жыйындарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр ассоциациясынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери чакырылышы мүмкүн.
2. Кеңештин максаттары жана милдеттери
4. Кеңештин негизги максаты фискалдык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
5. Кеңештин негизги милдеттери:
1) фискалдык саясатты, ошондой эле мамлекеттик инвестициялар бөлүгүндө инвестициялык саясатты түзүү процессин өркүндөтүү;
2) фискалдык саясатты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестициялары бөлүгүндө инвестициялык саясатты ишке ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыздоо;
3) мамлекеттик финансылык пландоо жана бюджеттин аткарылышын контролдоо;
4) Орто мөөнөттүү мезгилге карата фискалдык саясаттын негизги багыттарын кароо жана жактыруу, анын ичинде орто мөөнөттүү мезгилге карата бюджеттин долбоорун түзүү үчүн контролдук цифраларды жактыруу;
5) мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын алгылыктуу деңгээлин камсыздоо боюнча иштерди координациялоо;
6) мамлекеттик инвестициялар боюнча өнүктүрүүнүн расмий жардамдарын координациялоо.
3. Кеңештин функциялары
6. Кеңештин негизги функциялары:
1) Орто мөөнөттүү мезгилге карата фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, анын ичинде республиканын сот системасынын да ишин координациялоо;
2) республикалык бюджеттин орто мөөнөттүү бюджеттик негиздерин, анын ичинде сот системасынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин кароо;
3) Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча кайчы пикирлер жаралган учурда кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирбестен тийиштүү чечимдерди кабыл алуу;
4) кайчы пикирлер болгон учурда тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 айдан кечиктирбестен сот системасынын бюджетинин долбоорун карап чыгуу;
5) бюджеттин кирешелерин көбөйтүү же азайтуу маселесин кароо жана ал боюнча чечимдерди кабыл алуу;
6) бюджеттин ресурстары боюнча болжол өзгөргөн учурда мекемелер үчүн ассигнованиелерди бөлүү же кыскартуу маселеси боюнча чечимдерди кабыл алуу;
7) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдөгү кайчы пикирлер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
8) бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке берилгенге чейин бир айдан кечиктирбестен бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр менен бюджеттеги өзгөртүүлөрдү макулдашуу;
9) кайчы пикирлер болгон учурда бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бирдиктүү долбоорун макулдашуу;
10) мамлекеттик инвестициялар боюнча өнүктүрүүнүн расмий жардамдарын ишке ашырууну пландоо жана ага финансылык мониторинг жүргүзүү;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен берилүүчү чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктарын макулдашуу;
12) тышкы карыздар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдик берүүсүнө байланыштуу маселелерди кароо;
13) эл аралык уюмдар, финансылык институттар, донор өлкөлөр менен биргелешип иштелүүчү тышкы жардамдарды тартуунун узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык программаларынын долбоорлорун, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароо жана жактыруу;
14) мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун учурдагы ишке ашыруу маселелерин кароо;
15) каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен тышкы карыз алуулардын эсебинен каржылоо пландалган мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу.
4. Кеңештин ыйгарым укуктары
7. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) каралуучу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн, ошондой эле Кеңештин жыйынына чакырылган адамдарды угууга;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү же башка кызыкдар тараптар тарабынан Кеңештин кароосуна сунушталган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
3) Кеңеште кароодо макулдашууга жетишилбеген учурда бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн бюджетинин долбоорун бюджеттин анык мүмкүнчүлүгүнүн негизинде республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү жөнүндө рекомендация берүүгө;
4) Кеңеште кароодо макулдашууга жетишилбеген учурда сот системасынын бюджетинин долбоорун бюджеттин анык мүмкүнчүлүгүнүн негизинде республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү жөнүндө рекомендация берүүгө;
5) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун тактоого байланыштуу республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна же мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу рекомендация берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнө Кеңеште каралуучу маселелер боюнча маселелерди чечүүгө рекомендация берүүгө;
7) Кеңештин функцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизүүгө;
8) Кеңештин алдында туруктуу иштөөчү техникалык топту, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
8. Кеңештин жыйыны зарылдыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин жыйыны эгер, ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3синен кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп саналат.
9. Кечиктирбестен чечим кабыл алууну талап кылган учурларда Кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер оперативдүү тартипте каралышы мүмкүн. Мында Кеңештин чечимине протоколдук чечимдин долбоору Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси менен макулдашылгандан кийин кол коюлууга тийиш, ал милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылууга тийиш.
10. Кеңештин жыйынында бюджетке тиешелүү маселелер каралганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - тармактык комитетинин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катыша алышат.
11. Кеңеш ушул Жобо менен компетенциясына берилген маселелер боюнча чечимдерди көпчүлүк добуш менен кабыл алат, ага Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3синен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорун жактыруу маселелери кирбейт. Добуштар бирдей болгон учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
12. Кеңештин чечими иштелип чыккан сунуштар же рекомендациялар жазылып, протокол формасында таризделет.
13. Кеңештин мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун кароо боюнча жыйынынын күн тартибин тармактык министрликтердин, ведомстволордун жана комитеттердин берген табыштамаларынын негизинде Кеңештин Катчылыгы түзөт.
14. Мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу жөнүндө маселени кароодо долбоордун демилгечиси докладчы болот.
15. Кеңеште мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлору төмөнкүлөрдүн негизинде жактырылат:
1) долбоордун презентациясы;
2) анын максатка ылайыктуулугун экономикалык баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин корутундусу;
3) пландалып жаткан инвестициялык долбоорду бюджеттик каражаттын эсебинен кошо каржылоо мүмкүнчүлүгү жана сунушталган долбоордун жеңилдиктүүлүк жагынан алгылыктуулугуна карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундусу.
16. Кеңеш мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдерди чыгарат:
1) мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорун жактыруу;
2) мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорун толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра жиберүү;
3) мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорун четке кагуу.
17. Кеңештин ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыздоону Кеңештин Катчылыгы ишке ашырат.
18. Кеңештин Катчылыгынын милдети Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлөт.
19. Кеңешти жоюу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Кеңештин Катчылыгынын функциялары
20. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыздоо, кабыл алынуучу чечимдерди аткарууну уюштуруу жана Кеңештин мүчөлөрү менен иш боюнча байланыштарын колдоону;
2) Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтар базасын түзүүнү;
3) мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун тандоо, экономикалык зарылдыгын баалоо жана артыкчылыгын аныктоону;
4) Кеңештин чечимдеринин, рекомендацияларынын жана сунуштарынын ишке ашырылышына мониторингди камсыздоону;
5) ички иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде протоколдорду, чечимдерди жана Кеңештин ишине байланышкан башка документтерди жүргүзүү жана сактоону.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ