Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 23-марты № 84-б
Айыл чарба техникалары базарында атаандаштык чөйрөнү түзүү, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү жаңы техника жана соңку технологиялар жөнүндө айыл чарба субъекттеринин жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылдын 17-19-майында Бишкек шаарында "Айыл-Агро - 2017" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү (мындан ары - көргөзмө) өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы көргөзмө өткөрүү үчүн бөлүнгөн аянтка бажы контролунун убактылуу зонасын түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) көргөзмөнү өз убагында даярдоого жана өткөрүүгө жооптуу болуп аныкталышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 2017-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Көргөзмөнү өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |