Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-апрели № 114-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "КОПРИ-СИНОГИДРО ДЖОИНТ ВЕНЧУР" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы подрядчысынын арызынын негизинде 2013-жылы чыгарылган, кузовунун № JTMDU09J6E4085766, кыймылдаткычынын № 1GRA851220, V=3955 см2, мамлекеттик номери KGFH 0362, өңү - ак-бермет, "Тойота Лэндкрузер" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттик пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте каттасын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |