Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 6-мартындагы № 62-б
"Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун штейндик-шлак-кек калдыктарын экологиялык реабилитациялоо максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
"Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомуна заманбап технологияларды колдонуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоо менен металлургиялык штейндик-шлак-кек калдыктарын экинчи жолу кайра иштетүү жаатында иш жүргүзүүгө уруксат берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |