Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-марты № 65-б
Катар Мамлекетинин Доха шаарында 2017-жылдын 13-14-мартында өтүүчү Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-катар комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 12-16-мартында Доха шаарына (Катар Мамлекети) жиберилсин.
3. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына республиканын мамлекеттик органдарынын, административдик ведомстволорунун адистерин, алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча компетенциясына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн ишке тартуу укугу берилсин.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Катар Мамлекетинин Доха шаарында 2017-жылдын 13-14-мартында өтүүчү Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Рыскулов Улан Дуулатович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Утебаев Медер Шамшыбекович(**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Апасова Рима Тунгучбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Белеков Нурсултан Белекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ботбаев Абдулазиз Нарынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин биринчи катчысы; |
Кудайбердиева Айзада Бердибековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы. |
Эскертүү:
(*) - 2017-жылдын 12-14-мартында Катар Мамлекетине командировкага жиберилет;
(**) - 2017-жылдын 12-15-мартында Катар Мамлекетине командировкага жиберилет.