Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 23-марты № 80-б
Күздүк буудайдын сатылбай калган 90,8 тонна сертификатталган үрөнүн тез арада тандап алууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 487-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- 2017-2018-жылдардын түшүмү үчүн күздүк себүүгө үрөндү сатууда күздүк буудайдын сатылбай калган 90,8 тонна үрөнүнө кредиттик-күрөөлүк документтерди тариздеген үрөн алуучулар үчүн товардык кредитти жоюу мөөнөтүн 2017-жылдын 1-октябрына чейин жана 2018-жылдын 1-октябрына чейин бирдей үлүштө белгилесин.".
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |