КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-апрели № 108-б
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
- 1-пунктунун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Премьер-министри" деген сөз "вице-премьер-министри" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3, 6, 17 жана 33-пункттарынын "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Айыл чарба жана мелиорация" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "вице-премьер-министри" деген сөз "Билим берүү жана илим министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15, 20, жана 34-пункттарынын "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 24-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пунктунун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Экономика" деген сөз "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 32-пунктунун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Экономика министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөз менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |